Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:22

“Ак шумкар” Ысык-Көлдө жыйын курду


“Ак шумкар” партиясы Ысык-Көл областтык конференциясында өлкөдөгү саясий-экономикалык абалды талкуулап, партиянын облустук саясий кеңешин жана облус боюнча координаторлукка Мелис Эшперовду шайлады. Партиянын лидери Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, конференцияга катышкан мугалимдер бийлик мугалимдерди шайлоодо колдонуп, андан кийин унутуп калат деп, ага кошумча төлөмдү ала албай жатышкандыгын мисал кылышты. Андан тышкары Кара-Кеченин көмүрүнүн тоннасы 5 миң сомго жетип, жарыктын күнүнө тогуз гана саат берилиши элдин нааразылыгын күчөтүп жатканын айтышып, оппозициянын бийликтин саясатын өзгөртүүгө биригип күрөшүүсүн сунуш кылышты.(BD)

XS
SM
MD
LG