Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Жалалабат: Оппозицияга куугунтук болбосун!


«Ата Мекен» партиясынын Жалалабат облусундагы өкүлдөрү «Акыйкат үчүн» кыймылынын лидеринин туугандарына жасалып жаткан кысым көрсөтүүлөрдү айыптап чыгышты.

«Ата Мекен» партиясынын облустагы мүчөлөрү «Акыйкат үчүн» кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун уулу менен урук-туугандарына жасалып жаткан кысым көрсөтүүлөрдү терс кабыл алышты. Алар бул көрүнүштөрдү 29-ноябрга белгиленген бириккен опозициянын элдик курултайына тоскоолдук катары баалашты.

Алардын жүйөөсүндө, мыйзам – бийлик сынчысынабы же колдоочусунабы, баарына тең орток болуусу зарыл. Оппозиция – өлкөдө чыныгы өзгөрүүлөр болуп, элдин турмушу жакшырсын дегени үчун айыптуу эмес. Анын сынын туура кабыл алып, кемчиликтерди ондогондо мамлекетте жылыш болот. Партиянын жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин пикири боюнча оппозицияга куугунтук жасаган бийлик 2005-жылдагы мамлекеттик имараттарды басып алуу, талап-тоноо, ички иштер уюмдарын өрттөө фактыларына да укуктук баа беруусу керек эле:

- Бийлик тарабынан Аликбек Жекшенкуловдун уулуна кымыш иши козголгондугу жөнүндө сөз болуп жатат. Азыркы бийлик тандап оппозициянын лидерлеринин урук туугандарына баласына, кызына, аялына инисине иш козгобой, учурда болуп жаткан баардык кылмыштарга, буга чейинки болгон кылмыштарга бирдей караса жакшы болот эле. Президент болобу, президенттин үй-бүлөсү болобу же жөнөкөй адам болобу, мыйзам баардыгы үчүн тең болсо ошондо гана биздин мамлекетте адилеттүүлүк өкүм сүрөт жана бүгүнкүдөй баш аламандык болбойт эле.

Облбийликтин укук коргоо уюмдары боюнча бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечеловдун көз карашында Кыргызстанда оппозиция деген жок:

-Конституцияда дагы оппозиция андай-мындай деген эч кандай түшүнүк жок. Баардыгыбыздын оюбуз приздент баш болуп Кыргызстандын ар бир атуулу Ата-Мекенге кызмат кылуу.

Сын айткандарды бийлик душман саноодо. Анын айынан облуста бийликти сындагандар аз. Эл ичинде өз ара нааразылык күчөгөнү менен жарандар ал тууралуу ачык айтуудан тайсалдап калышты. Анткени бийликчил адамдардын куугунтуктарынан коркушат. Жалалабат шаарынын тургуну Батыр аттуу жигит ушинтип ойлойт:

-Митинг же чогулуш өткөзөйүн десе зданиялар берилбейт, ал ачык турган сөз. Муну менен акырында бийлик каякка барат? Менин оюмча эч кандай кыйраткан деле нерсе кылган жок. Камбар-Атаны куруп жатабыз дейт. Камбар-Ата Акаевдин учурунда эле башталган. Кичине колун тийгизишти дагы биз кылып жатабыз дешет, анан кичине мектеп куруш болуп коюшат, ал мектеп куруш бийлик үчүн кыйын деле эмес. Айтып деле кереги жок, элдерди алдаган болбойт.

Облуста эркин ой-жүгүртуп, өз ой-пикирин ачык айтканга шарттар бар. Алардын оозун эч ким жапкан жок. Улуттук Банктын облустагы филиалын тоногондорго кылмыш иши ачылган. Шектүү деп саналган адам табылбагандыктан ал кылмыш иши убактылуу токтотулган.

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG