Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Өтүп бараткан жумада президент Кыргызстанга кайтып келди. Өкмөт энергетикалык үч ири ишкананы саттыкка койду. Саясатта таймаш уланды. Борбор Азия өлкөлөрү Алма-Атада суу маселесин талкуулашты.


Эл башы болгончо - суу башы бол

Борбор Азия регионунда суу-энергетикалык маселе оор эле болуп калбай, бир топ карама-каршылыктарды жаратып келатканы белгилүү. Суу башы өлкөлөр Кыргызстан менен Тажикстан дарыяларды гидроэнергетикалык багытта пайдаланууга ыктаса, Өзбекстан ага кескин, ал эми Казакстан кайсы бир деңгээлде каршылык көрсөтүп келет.

Мына ушул маселенин айынан Өзбекстан Евразия экономикалык шериктештигинен чыкканын жарыялады. Өзбекстан эксперттеринин пикиринде, жаңы ГЭСтерди курууга каршы чыккан Ташкендин позициясы Евразия экономикалык шериктештигинде колдоо тапкан жок. Ошондуктан ал Шериктештиктен чыгуу чечимин кабыл алды.

Региондун суу маселесин чечүүгө Европа мамлекеттери да аракеттенүүдө. Маселе 11-сентябрда Францияда болгон Форумда талкууланган. Андан кийин эми 17-18-ноябрда Алма-Ата шаарында “Суу бириктирет” деген Эл аралык конференцияда талкууланды.

Конференцияга Кыргызстандын суу чарба департаментинин башчысы Баратали Кошматов да катышкан. Кыргызстандын позициясы тууралуу Кошматов “Азаттыкка” буларды билдирди:

-Сууну чогултканда кетип жаткан биздин чыгымдарды, биздин жогорку зоналарда мөңгү, токойлордун кыскаруусуна байланыштуу келген зыяндарды, эрозияга учураган жерлерди реаблитациялоого төмөндө жайгашкан өлкөлөр катышып, канча көлөмдө суу алса, ошончо пайызда каржылоо иштерин жүргүзүш керек. Биз ушул маселени койдук.

Андан сырткары суу башы өлкөлөр ГЭСтерди куруудан баш тарта албасын билдиргенин Баратали Кошматов белгиледи:

-Жогорку зонада жайгашкан Кыргызстан, Тажикстан өлкөлөрү экономиканы көтөрө турган бирден-бир жол - бул гидроэлектрстанцияларын куруу экенин белгилеп, андан иштелип чыккан энергиянын экологиялык тазалыгы айтылды. Андан сырткары жылуулук электр станцияларына караганда гидроэлектрстанцияларды куруу туура болору белгиленди.

Региондун суу маселесине байланышкан бул конференция дагы улантылат. Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча өкүлү Пьер Морелдин пикиринде, суу маселеси региондогу эң курч маселелерден болууда. Ошондуктан аны чечүүдө өтө абайлап иш кылуу зарыл. Ал ошондой эле Европа маселени чечүүнүн даяр рецебин сунуштабагын, аны регион өлкөлөрү акырындап табуусу зарылдыгын белгилейт.

Суу башын “суусаткан” кризис

Суу Кыргызстандын энергетикасы менен эриш-аркак турат. Токтогул суу сактагачында суу аздыгы өлкөдө энергетикалык кризисти жаратууда. Өлкөнүн бардык аймагында электр жарыгын өчүрүүлөр, чектөөлөр киргизилүүдө. Жылытуу сезону баштаалар замат электр жарыгы үзгүлтүксүз бериле баштайт деген президенттин сөзү аткарылган жок.

19-ноябрда Германиядан келген Курманбек Бакиев экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаровду жана өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековду сынга алды. Ал тууралуу президенттин маалымат кызматынан жетекчиси Алмаз Турдумаматов билдирди:

-Президент жоопкерсиздик божомолдор менен чыгып жактан экономика министри Акылбек Жапаровду жана энергетика министри Сапарбек Балкыбековду кескин сынга алды.

Эки министрге карай айтылган кескин сын президент Германиядан келгенден кийин өкмөттүн курамында өзгөрүү болот деген божомолду тастыктап тургандай. Өлкөдөгү кырдаал менен жакындап таанышып жаткан президент, өкмөттүн ишинин жыйынтыгын чыгарууну 24-декабрга дайындады. Ал күнү президенттин катышуусу менен өкмөттүн кеңиртилген жыйыны болуп, анда министрликтердин, жергиликтүү бийлик башчыларынын ишине баа бериле турган болду.

Энергетикалык ири ишканалар четинен сатыкка коюла баштады

Президент Германиядан келер алдында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет “Түндүкэлектро”, Бишкек жылуулук борбору жана “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасын сатыкка койду. Президент октябрь айындагы элге кайрылуусунда бөлүштүргүч компанияларды райондук деңгээлде бөлүп сатуу идеясын айтканга карабай өлкөдөгү эң ири бөлүштүргүч компания болгон “Түндүкэлектро” чулу бойдон эле эмес, эки ири энергетикалык ишкана менен биргеликте сатыкка коюлду. Өкмөттүн чечимине ылайык, бул үч ишкана бир кишинин колуна сатылыш керек.


Оппозициялык маанайдагы саясатчылар биринчиден бул ишканаларды сатууга каршы чыкса, экинчиден алардын баасы төмөн коюлганын белгилешүүдө.

Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев азыркыдай кырдаалда бул компанияларды сатуу туура эместигин белгилейт:

-Эми менимче, ушундай кырдаалда өкмөт мындай сатууларды токтото турса болмок. Бишкек жылуулук борборун оңдоого акча таппай жатабыз деген сөз жүйөө боло албайт. Анткени башка деле резервдер бар. Коммерциялык жоготуулар, башка жоготуулар деп элди алдап жатышат. Жоготуулар 40% жетип жатпайбы.Чындыгында ошол уурдамайды токтотсо инвестиция деле табылмак.

Алмазбек Атамбаев азыркы бийлик бул ишканаларды коррупциясыз сатуусу күмөн экенин кошумчалады.

Белгилүү болгондой, бул үч компания 454 миллион долларга бааланган. Анын ичинде “Түндүкэлектро” 120 миллион доллар, Бишкек жылуулук борбору 290 миллион доллар, “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасы 44 миллион доллардын тегерегинде бааланган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров бааны адис компаниялар койгонун белгилейт:

-Эми бул деген конкурстук негизде тандалып алынган компаниялардын берген баасы. Алар биздин рынокто көп мезгилден бери иштеп, баалап жүргөн компаниялар. Алардын сертификаттары бар.

Бакировдун айтымында, тескерисинче бул баалар жогору деген пикирлер азыр көп айтылууда. Анткени үч компанияга баа берилген кезде дүйнөлүк финансылык кризис баштала элек болчу. Эми алардын чыныгы баасын конкурс аныктайт. Конкурска арыздар болсо арыздар 27-январга чейин кабыл алынат.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев коюлган баалардын төмөндүгүн айтып, үч компанияны бир адамдын колуна берүүгө каршы пикирин билдирди.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Исмаил Исаков:

-Коюлган баалар реалдуу эмес. Себеби дегенде аны ким текшергендиги, ошол комиссиянын ичинде кимдер бардыгын коомчулук билбейт. Бул биринчиден. Экинчиден, алардын баасы жок дегенде 3-4-5 эсе жогору,- деп энергокомпанияларды сатууга дегеле каршы экенин белгиледи.

Саттыкка коюлган үч объектинин баасына карата эксперттер тарабынан да бир жактуу пикир жок. Эксперт Нурлан Абдышев, “Түндүкэлектрону” кеминде 168 миллион доллар, Бишкек жылуулук борборун 353 миллион доллар, “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасын 92 миллион доллар, жалпысынан үч ишкананы кеминде 619 миллион доллар деп баалоодо. Өкмөт болсо жогоруда аталгандай үч ишкананы 454 миллион долларга сатууга даяр турат.

Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин төрагасы Нурбек Элебаев үч ишканага берилген баа дурус деген пикирде:

-Менин оюмча баалар жаман эмес. Мынабу “Түндүкэлектро” 4 миллиард 800 миллион сом, “Бишкекжылуулуктармактар” 1 миллиард 750 миллион сом, Анан ТЭЦ 11 миллиард сом делип жатат. Менин оюмча, бул баалар дурус.

Элебаевдин пикиринде, бул ишканаларды сатып алуу жана иштетүү үчүн 1 миллиард доллар керек. Анчалык каражаты бар инвестордун келиши күмөндүү. Ошондуктан конкурстар улам кайталанып өткөрүлүп , компаниялардын баасы төмөндөтүлүп отурат. Аягында тийиштүү киши ишканаларды арзан баада сатып алат.

Сатуунун саясий өңүтү чыгабы?

Ошентип, өкмөт үч ири энергетикалык компанияны сатууга алып чыкты. Энергетикалык кризис күчөп, келерки жылы президенттик шайлоо өнөктүгү башталаар жылы - бул сатуулардын таасири өзгөчө болору белгилүү.

Шайлоо, саясат демекчи, өтүп бараткан жумада саясий окуялар, жүрүштөр арбын болду.

Маселен, Азимбек Бекназаров башында турган Элдик революциялык кыймыл Таласта алгачкы курултайын өткөрдү. Революциячылдар курултай өз максатына жеткенин жарыялап, кезектеги курултайды түштүк аймагында өткөрүүнү чечти. Бийлик тараптан курултайга карата “ак же көк” деген пикир айтылган жок.

Өздөрүн пикирлеш деп атаган “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидерлери болсо Азимбек Бекназаров уюштурган курултайга катышкан жок. Ал эми кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов “Азимбек Бекназаров сөз жүзүндө гана радикалдуу” дегендей сынын айтып өттү.

Бийлик менен “Жаңы Кыргызстан” партиясы же жакындаша албай, же биротоло ажырашып кете албай тургандай эле, эки оппозициялык кыймыл- Элдик революциялык жана “Акыйкат үчүн” кыймылдары жакындашуунун формуласын таба албай турат.

Мына ушундай шартта бул саясий күчтөрдүн мамилеси кайсы багытта өнүгөт? Бул тууралуу саясат таануучу Марс Сариев мындай пикирин ортого салды:

-Курманбек Бакиев “Жаңы Кыргызстан” менен тил табышат. “Жаңы Кыргызстан” аркылуу Бакиев элге ойлорду айттырып, андан кийин жакындай баштайт. Себеби оппозиция биригип, чоң күчкө айланып жатат. Бирок Жекшенкуловдун айтканы да туура болуп жатат. Анткени Бекназаров каалайбы, каалабайбы билбеймин, бирок ал оппозицияга зыян келтирип жатат. Ал радикалдуу чакырыктар, кыймылдар менен чыга калып, оппозицияны жаман абалга калтырып жатат. Антпеши керек. Оппозиция бирге болуш керек. Менин оюмча, Бекназаровдун меморандумга кол койбогонунун да себеби бар. Каалайбы, каалабайбы Бекназаров муну менен бийликке жакшы кызмат көрсөтүп жатат. Себеби азыр радикалдуу чыгуу менен коалициялык оппозицияга, реалдуу оппозицияга зыян келтирип жатат. Ушул кырдаалда Бакиев “Жаңы Кыргызстан” менен тил табышып, бир линияны кармашат. Ал эми Бекназаров менен реалдуу оппозиция талашып, начар мамиледе болушат.

Ал эми “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидерлеринин айтымына караганда, алар өздөрүнүн сунуштары менен президентке чыгышат. Эгерде ал сунуштар кабыл алынса, анда партиянын президент менен кызматташуусу уланат. Сунуш кабыл алынбаса партия өзүнүн багыты менен кете баштайт. Партия лидери Исмаил Исаковдун позициясы болсо бийликке караганда, оппозицияга жакын экени байкалып турат.

Бир ок менен эки коен атууну көздөгөн бийлик

Оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылы 29-ноябрдагы курултайына имарат тапты. Маалыматка караганда, кыймыл лидерлери Н.Крупская атындагы орус-драма театры менен келишим түзүп, бир күнгө театрдын имаратын ижарага алды. Оппозиция бул жагынан олжолуу болгону менен экинчи жактан сокку алууда. Тагыраак айтканда, “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов оор соккуларга кабылууда.

Бир жагынан анын уулу Беккул Жекшенкулов журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө тиешеси бар деп шектеле баштаса, экинчи жактан жакын туугандары кызматтан алынууда.

Бир жыл мурун Ош шаарында атып өлтүрүлгөн Алишер Саиповдун өлүмүндө саясий өңүт жок экенин, демек өзбек бийлигине карай багытталган шек алынганын ички иштер министринин орун басары Дмитрий Федоров жарыялады.

Федоровдун маалыматы боюнча, Бишкекте түнкү клубдардын биринде жаңжалда атылган тапанча Алишер Саиповду аткан тапанча болуп чыгууда. Муну баллисттикалык экспертизалар далилдеп жатат. Ал эми Бишкектеги түнкү клубдагы жаңжалга Жекшенкуловдун уулунун катышы бар болуп чыгууда... Жекшенкуловдун өзү мунун саясий буйрутма катары сыпаттоодо.

Саиповго байланыштуу ишти башка өңүткө буруу менен кыргыз бийлиги бир ок менен эки коен атууга аракеттенүүдө. Белгилүү болгондой, Алишер Саипов атылгандан кийин бул ишке расмий Ташкендин тиешеси бар деген шек тараган. Андай шектөөгө Алишер Саиповдун журналист катары президент Ислам Каримовдун саясатын кескин сынга алып келгендиги негиз берген.

Расмий Бишкек бул маселеде буга чейин бир жактуу пикир айтпаган менен Ташкенге кеткен шекке карата ачык каршылык билдирген эмес. Эми Федоровдун билдирүүсү менен Бишкек Ташкенге болгон шекти алып салууда. Мунун менен Ташкен менен Бишкек ортосунда турган бир тикен алынып, бирок ал тикенек ошол замат ички каршылашка сайылды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG