Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Грузия: Ыңкылап розасы соолуй түштүбү?


Президент Михаил Саакашвили Тбилиси аба майданында. 2008-жылдын 19-сентябры.
Президент Михаил Саакашвили Тбилиси аба майданында. 2008-жылдын 19-сентябры.

Грузия 23-ноябрда Роза ыңкылабынын беш жылдыгын белгиледи. Бул “кансыз революция” ошол учурда эл ишенимине ээ болгон жаш саясатчы Михаил Саакашвилини бийликке алып келген эле. Азыр болсо бул күн ошол беш жыл мурдагы маанисин жоготкондой таасир калтырууда.

2003-жылдын 22-ноябрында 35 жаштагы өтө күчтүү жана популист саясатчы Михаил Саакашвили грузин парламентинин маңдайында демонстранттардын курчоосунда турду.


Тбилиси. Ыңкылаптын алдыңкы күнү (2003-жылы 22-ноябрда) демонстранттар роза гүлүн алып жүрдү.

Алар ошол айда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразычылык билдирип, шайлоодо президент Эдуард Шеварднадзени колдогон гана партиялар утушка ээ болушту деп чыгышкан. Ал окуяларды түз ободо көрсөтүп жаткан сыналгы камераларга карап, Саакашвили өзүнөн 40 жаш улуу президент Шеварднадзеге ультиматум жасады.

Шеварднадзе президенттиктен азыр кетпесе, эч качан кетпейт”, - деди М.Саакашвили.

Кийин Шеварднадзе ага көнбөй, парламентте шайлоодон кийинки биринчи сессиясын баштамакчы болгондо сырттагы көтөрүлгөн эл парламент имаратын каптап кирип, “Миша! Миша!” - деп, өздөрүнүн жаңы лидеринин атын атап ураан чакырып жатышты.



Эдуард Шеварднадзе. 2007-жылдын 10-октябры. Франкфурт китеп жармаңкесинде.


Түштүк Кавказдагы бул кичинекей мамлекеттин келечегин башка нукка бура баштаган бул окуялар кийин “Роза ыңкылабы” деп аталып калат.

Орусиянын атынан келген орус тышкы иштер министри Игорь Иванов жана грузин оппозициясы менен болгон байма-бай сүйлөшүүлөрдөн кийин Шеварднадзе (2003-жылдын 23-ноябрында кечкурун) президенттиктен кетүүгө макул болгонун билдирди:

- Эгерде мен бүгүн өз колумдагы бийликти колдонсом, эртең бул окуялар кансыз аяктабай турганын көрүп турам. Мен өз элим менен дайыма ачык болгом. Андыктан азыр мунун баарына тезирээк чекит коюш үчүн президент кызматтан кетиши керек деп эсептейм.

Эки айдан кийин ошол кансыз көтөрүлүштүн жеңүүчүсү Михаил Саакашвили президент болуп шайланат да өлкөнү НАТО менен Евробиримдикке киргизүү сыяктуу дымактуу реформаларын баштайт.

Арадан беш жыл өтүп, бүгүн “Роза ыңкылабы” 2003-жылдын 23-ноябрындагыдай маанисин жоготкон өңдөнөт. Азыр бул күн жөн гана эл биримдигинин күнү катары белгиленет жана баштагыдай ишеним менен үмүткө толгон маанайын саал жоготту.

Азыр элдин аң сезиминде “Роза ыңкылабы” эмес, быйылкы августтун жетисиндеги окуялар Грузияны өзгөрттү деген ой басымдуулук кылууда.

Бул күнү бир канча жылдар бою расмий Москва менен уланып келген араздашуулар Орусия менен согушка айланып кетти.

Беш күнгө созулган куралдуу кагылышуудан улам Грузия чоң аскерий жана гуманитардык жоготууларга учурады. Аскердик жаңжал Грузиядан көз-карандысыздык алууга дилгирленип келген жикчил эки аймактын - Абхазия жана Түштүк Осетиянын – бир тараптуу түрдө мамлекеттик эгемендүүлүк жарыялоосу жана алардын көз каранды эместигин Орусиянын таанышы, Грузиянын КМШдан чыгаарын жарыялашы сыяктуу окуялар менен аяктады.

Михаил Саакашвилинин президент катары эң алгачкы убадаларынын бири - өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жетишүү болчу. Эми бул максат такыр эле аткарылбай кала тургандай абалга жетти.

Эми Саакашвили жикчил (сепаратисттик) аймактарды колдон чыгарып жиберген лидер катары тарыхта калышы ыктымал.

Чынында анын күчтүү, реформачыл жетекчи катары аты августтагы согушка чейин эле бир топ аксап калган эле.

Англисче такалбай сүйлөгөн Саакашивилини дүйнөлүк саясий сахнада өлкөдөгү инфраструктураны чыңдоо, коррупцияны ооздуктоо өңдүү көйгөйлөр менен алек болуу менен гана таанылып келген деп айыптагандар арбын. Албетте, анын коррупциянын такалаган ишмердүүлүгү КМШ аймагында өрнөктүү болгону да ырас.

Колумбия университетинин профессору Линколн Митчеллдин пикиринде, Михаил Саакашвили революциячыл президент катары мамлекет куруу жана демократиялык түзүлүштү орнотуу өңдүү эки маанилүү ишти бирге алып кетиши керек эле.

Тилекке каршы, ал муну аткара албады жана бул анын эң башкы катасы болду”, - дейт Митчелл.

Саакашвилинин мурдагы өнөктөшү жана анын болжолдуу мураскору катары каралып жүргөн Нино Буржанадзе 23-ноябр күнү Роза ыңкылабынын мааракесин салтанаттуу майрамдап отурбастан, өзүнүн жаңы саясий уюмун – “Демократиялык Кыймыл – Бирдиктүү Грузия” партиясын негиздөө менен алектенмекчи.

Буржанадзе айымдын “Азаттыктын” кабарчысына айтканына караганда, беш жыл илгерки ыңкылаптын максат-мүдөөлөрү өлкөдө дагы эле толугу менен орундала элек.

Дегиңкиси, Саакашвилинин өзүнөн көңүлү калса да, көпчүлүк грузиялыктар өлкөдө Роза ыңкылабынын өтөсүнө чыгуу мүмкүнчүлүгү дагы эле бар деп ишенишет.

Грузия парламент спикери Нино Буржанадзе "Азаттыктын" Прагадагы баш кеңсесинде. 2007-жыл, 14-май.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG