Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Кыргызстандын шахматчы кыздары Норвегия курамасын жеңип алышты


Кечээ дүйнөлүк шахмат олимпиадасынын 9-тайпасында Кыргызстандын шахматчы кыздар курамасы Норвегиянын шахматчы кыздарын 3:1 эсебинде жеңип алышты. Биринчи тактада ойногон Жаңыл Тиленбаева Норвегиялык атаандашы Элле Хагесэзер менен тең чыкса, экинчи тактада ойногон кыргызстандык Ирина Острий атаандашы Шейла-Барт Заалды жеңип алды. Ал эми үчүнчү тактада ойногон кыргызстандык Грета Лим норвегиялык Силье Бьерке менен тең чыгып, төртүнчү доскада таймашка катышкан Айжаркын Чыңгыз кызы атаандашы Лине-Жин Йоргенсенди утуп алды. Ошентип Кыргызстандын кыздар шахматчылар курамасы шахмат олимпиадасындагы 114 кураманын ичинен 61-орундан 50-орунга көтөрүлдү. Азыркы тапта кыздар арасындагы таймашта Украина, Польша жана Сербиянын курамалары алдыда баратат. Ал эми ушул эле күнү эркектер арасындагы таймашта Кыргызстандын курама тобу Өзбекстандын курама тобуна жеңилип берди. Германиянын Дрезден шаарында 12-ноябрда башталган олимпиада 26-ноябрга чейин уланат. (IJz)

XS
SM
MD
LG