Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

Эл аралык астрономия олимпиядасы жыйынтыкталды


Бишкек шаарында өкткөн IV Азиялык – тынчокеандык эл аралык астрономия олимпиядасына дүйнөнүн сегиз мамлекетинен (Сингапур, Вьетнам, Кытай, Түштүк Корея, Индонезия, Орусия, Казакстан, Кыргызстан) келген окуучулар таймашып, жыйынтыгында Түштүк Кореядан жана Казакстандан келишкен жаш астро-физиктер жогорку көрсөткүчкө жетишишти. Ал эми Бишкек шаарынын №52-орто мектебинин окуучусу Аида Нурлан кызы үчүнчү даражадагы дипломдун ээси болду. Астрономия боюнча эл аралык олимпияданын Борбордук уюштуруу комитетинин төрагасы Михаил Гаврилов 23-ноябрда «Азаттыкка», бул олимпиядага Кыргызстан алгач ирет кошулуп, практикалык астро-физикалык базасы жок туруп, бир окуучу байгелүү орунду камсыз кылуусу жакшы көрсөткүч экенин билдирди.

Кийинки жылы V Азиялык – тынчокеандык эл аралык астрономия олимпиядасы Түштүк Кореянын Дамяң (Damyang) шаарында өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG