Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Дүйнө чемпиону К.Сагынбаевди чемпионатка катыштырбай коюшту


Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан бильярддын “Эркин пирамида” аттуу түрү боюнча дүйнөлүк чемпионатына уюштуруу тобу дүйнөдөгү эң күчтүү оюнчулардын бири Каныбек Сагынбаевди катыштырбай коюшту. Кыргызстандын бильяд спорту федерациясынын вице-президенти Константин Коробовдун айтымында, чемпионаттын уюштуруучулары Каныбек Сагынбаевди коммерциялык теле турнирлерге катышканы үчүн дүйнө чемпионатына катыштырбай турганын айтышкан, бирок кат түрүндө анын себептерин түшүндүрүп берүү талабын угушкан эмес. “Каныбек чемпионатка топтун жетекчиси катары барган. Анын аты-жөнү Кыргызстандан барган оюнчулардын тизмесинин башына коюлган эле. Тилекке каршы чиновниктердин оюндарынын айынан спортчулар менен көрүүчүлөр жабыркап жатканы өкүнүчтүү”, - дейт Константин Коробов. Аталган чемпионат Санкт-Петербург шаарында бүгүн соңуна чыкмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG