Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Обама эки жылда 2.5 миллион жумуш ордун түздүрөт


Кошмо Штаттарында жаңы шайланган президенти Барак Обама 22-ноябрда шайлоо өнөктүгүндө сөз бергенден да чечкиндүү экономикалык чараларды көрүү нийетин жарыялады.

Келерки жылдын башында ишке кирише турган Обама 2 жарым миллион жумуш ордун түзүүнү караган план иштеп чыгууга өзүнүн экономикалык командасына көрсөтмө бергендигин билдирди.

Демократтардын жумалык үналгы кайрылуусунда Обама 2 жылга эсептелинген экономиканы көтөрүү планын 20-январда ишке киришээри менен Конгресске жиберээрин жарыялады:

- Ушул жумада Конгресс жумушсуздук төлөмүн көбөйттү. Муну эбак жасаш керек болчу. Мен буга кубанычтамын. Бирок жумуш орундарын көбөйтүп, өлкөнү алга жылдыруу үчүн алдыда дагы көп иш бар.

Обама быйыл АКШда 1 миллион 200 миңдей жумуш орду кыскарганын белгилеп, эгер чукул чара көрүлбөсө эксперттер келерки жылы дагы миллиондогон иш орундары жоюлуп кетет деп айтып жатышканын эскертти.

Обама учурда Конгрессте көпчүлүктү түзгөн Демпартиянын жетекчилери менен кеңешип жаткандыгын кошумчалады.

Кошмо Штаттарында иштеген кыргызстандык ишкер Абдыкар Сыдыков карапайым америкалыктар Барак Обама экономиканы көтөрө алат деп ишенип жатышканын мындайча билдирди:

- Обама жөнөкөй адамдардын арасынан чыккан. Алардын кыйынчылыктарын китептен, кинодон эмес, турмуштан билет деп абдан эле үмүттөнүп турушат.

Айткандай эле Обама өз билдирүүсүндө төмөнкү жана ортоңку класстын өкүлдөрүнүн салыгын азайтып, жолдорду, мектептерди оңдоп, жана башка буга чейин каралбай калган коомдук инфраструктурага өзгөчө көңүл бөлүү нийетин ачыктады.

Жаңы президент ошондой эле АКШнын чет элдик мунайдан көз карандыгын төмөндөтүп, бир эле мезгилде кошумча жумуш орундарын түзүү үчүн ишкерлердин жана компаниялардын альтернативалык энергия булактарын өнүктүрүп, жаратылышка азыраак зыян келтирүүчү технологияларды өркүндөтүшүнө шарт түзүүнү максат кылууда.

Бир эле мезгилде Обама шайлоо өнөктүгүндө убада кылгандай ашкере байлардын салыгын көбөйтүү нийетин ишке ашырууга шашылбайт шекилдүү. Эң бай америкалыктардын салыктарын учурдагы президент Жорж Буш кыскарткан болчу. Нью-Йорк Таймс гезитинин жазышынча, Обама салык жеңилдиги план боюнча 2011-жылы күчүнөн кеткенчекти салыкты көбөйтүү планын кийинкиге калтырат окшойт.

Бүгүн, дүйшөмбүдө Обама өзүнүн экономикалык командасы менен тааныштырууну көздөп жатат. Жума күнү аучурда Улуттук Банктын Нью-Йорк бөлүмүн жетектеген Тимоти Гейтнерди Обама Казна катчылыгына көрсөтөт деген кабар таркаганда, анын алдыңкы күндөрү эле кескин арзандап кеткен америкалык акция базары бир күндө 500 упайга көтөрүлдү.

Ошондой эле убагында Казна катчысы болгон Лоуренс Самерс Обаманын башкы экономикалык кеңешчиси болуп калаары болжолдонууда. Ал эми учурда конгрессте Бюджет кеңсесин жетектеген Петер Орсаг Ак үйдүн келерки бюжет деректорлугуна келээри айтылууда.

XS
SM
MD
LG