Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Темир жолчулардын эркин профсоюзу казак жарандарынын укугун коргойт


Бул тууралуу темир жолчулардын эркин профсоюз уюмунун жетекчиси Эрнис Докенов билдирди. Анын айтымында, Миграция боюнча мамлекеттик комитет “Чет өлкөлүк жарандардын эмгектенүүсүнүн тартиби” жөнүндөгү жобого негизденип, 1982-жылдан бери Мерке станциясында иштеп келген 12 адамга тынчтык бербей жатат. Миграция комитети негизденип жаткан жобо “Тышкы эмгек миграциясы” жөнүндөгү мыйзамдан төмөн турат деген Докенов муну менен кыргыз тарап тейлөө тууралуу эки өлкө ортосунда 1994-жылы жана 1997-жылы кол коюлган макулдашууну бузуп жатат деген ойдо. Ошон үчүн казак жарандарынын укугун коргоо тууралуу бүгүн маалымат жыйынында жарыя кылат.

XS
SM
MD
LG