Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Түрк тилдүү парламентарийлер эми Бакуда кездешет


Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйыны Бакуда болот. Бул тууралуу Түркиянын президенти Абдула Гүл билдирди. Анын айтымында, андан кийинки жыйын Бишкекте өтүп, анда түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын, парламенттеринин төрагаларынын жана өкмөт башчыларынын туруктуу катчылыгын түзүү боюнча макулдашууга кол коюлушу мүмкүн. Мындай демилгени Кыргызстан көтөргөн. Түрк тилдүү мамлекеттердин парламент төрагаларынын Стамбулда өткөн конференциясына Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев баштаган беш депутаты катышты. Бул тууралуу эл аралык маалымат каражаттары билдиришти.(BD)

XS
SM
MD
LG