Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Улуу Британиянын Тышкы иштер министри араб лидерлерине кайрылат


Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд бүгүн Абу-Дабиде араб өлкөлөрүнүн лидерлерине кайрылуу жасары күтүлүүдө. Өз кайрылуусунда министр Милибэнд араб өлкөлөрүнүн лидерлерин Ирандын өзөктүк курал өндүрүүсүнө каршы болгонун ачык билдирүүгө чакырмакчы. Британ тышкы иштер министри өз сөзүндө өзөктүк курал Жакынкы Чыгыштагы стабилдүүлүккө коркунуч жаратаарын, Иранга каршы киргизилген эл аралык чектөөлөр Тегерандагы режимди өзгөртүү максатын көздөбөй турганын айтары күтүлүүдө. Иран болсо өзөктүк курал өндүрүүгө аракет жасабаганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG