Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

“Жаңы Кыргызстандын” Оштогу лидери сабалды


“Жаңы Кыргызстан” партиясынын Оштогу төрагасы Керим Макеевди кечээ күндүзгү саат бирлерде өздөрүн шаардык милицияданбыз деп тааныштырган эки бейтааныш адам машинага салып кеткен. Алар аны кечке чейин машинага салып жүрүп токмоктошуп, Бакиевге каршы иштеп жатканын айтып опузалашкан. Бул тууралуу Керим Макеев “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Алишер Токсонбаевге кабарлаган. К. Макеевдин айтымында, ал шаардык прокуратурага арыз менен кайрылды жана иликтөө иштери жүрүп жатат. Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, шаардык милиция бул окуя тууралуу маалыматы жоктугун билдирүүдө. Коопсуздук Кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаков башында турган "Жаңы Кыргызстан" партиясы бийликтин аракеттерин кескин сынга алып, жер-жерлерде өкмөттүн кетишин талап кылган нааразылык чараларды уюштурганы жатканын мурдараак билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG