Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:11

А.Бекназаров: Кадырбековго жер боюнча кине ойлоп табылганы ачыкталууда


Бул тууралуу пикирин Ишенбай Кадырбековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров бүгүнкү сот отурумунан кийин билдирди. Бүгүн Ленин райондук соту Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбековдун иши боюнча күбөлөрдү суроону улантты. Сурактан Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоев, кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармасынын орун басары Молдокмат Тезекбаев, Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы Турдубек Мамбетов баштаган күбөлөр өтүштү. Жер боюнча тагылган айыпка байланыштуу күбөлөр тарабынан кайчы пикирлер айтылды. Каржы полициясы Кадырбековго кызматынан аша чаап пайдаланды деген негиз менен алты эпизод боюнча айып тагып, кылмыш ишин козгогон. Анын негизинде соттук териштирүү 17-ноябрда башталган. Кадырбеков өзү тагылган айыпты саясий буюртма катары баалап келатат. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG