Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Грузия: Ыңкылаптын беш жылынан кийин


2003-жылы 23-ноябрда Грузияда Роза ыңкылабы ишке ашкан.

2003-жылы 23-ноябрда Грузияда Роза ыңкылабы ишке ашкан.

Грузия 23-ноябрда Роза ыңкылабынын беш жылдыгын белгиледи. Ыңкылаптын аркасында өлкө эмнеге жетишти, эмнелер али жасала элек?

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун грузин кызматынын директору Давид Какабадзе (David Kakabadze) жазгандай, өлкө Роза ыңкылабынын беш жылдыгын белгилеп жатканы менен маанай чөгүнкү, өткөн жылдардын салтанаты байкалбайт. Бул түшүнүктүү. Азыр ыңкылап көркөмүнүн көбүн жоготту, грузиялыктар коркуп калды:

-Роза ыңкылабынын беш жылдык мааракесин чагылдырууга даярданып жатып, "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун грузин кызматы өлкө боюнча элүүдөй жаранга Грузия беш жыл мурдагыдан азыр оңолдубу? деген жөнөкөй эле суроо менен кайрылды. Таң калыштуу эмес, жооптор "кыйла жакшыдан" "кыйла жаманга" чейинки аралыкта болду. Орусия менен быйыл жайдагы беш күндүк согушта там-ташын таштап, жер которгон оң миңдеген адамдарды эске албаганда да, ыңкылаптан соң ишин жоготкон 45теги адам өзгөрүүлөргө кубанычта экенин күтүүгө болобу? Балким жок.

Анткен менен учурдагы көңүл калууга карабай, Давид Какабадзенин пикиринде, өлкө ыңкылаптын аракасында эмнеге жеткенин, кайда кеткенин аңдап - билүү үчүн Грузия атүгүл мамлекет деп аталуу укугуна араң эле ээ болуп турган, ыңкылап алдындагы кырдаалга кайрылуу керек.

Өлкө беш жыл мурда Эдуард Шевернадзенин коррупциялык режими тарабынан башкарылып турган. Натыйжалуу иштеген өкмөттүк түзүм, институттар, экономика жок эле. Өлкөдө досчулук, өң-тааныштык үстөмдүк кылып, мамлекеттик кызматкерлер компетентсиз болгон. Кылмыштуулук күчөп, коммуналдык тармактын тамтыгы чыккан эле.

Ушуга окшогон алсыз жактарынан улам постсоветтик лидерлери да Тбилисиге саясий, экономикалык жактан үстөмдүк кылуу амбициясын жашырбаган Орусия өзүнүн түштүктөгү кичинекей коңшусунун үстүнөн бийлигин дагы күчөтө алгыдай абалда болгон. Газпром сыяктуу энергетикалык алптар Грузиянын энергетика тармагын сатып алып жаткан. Кандай кун менен болсо да бийликте калуу мүдөөсүнүн улам Шевернадзе жана анын кланы Орусияга дагы чегинүүлөргө барууга жана Москва Грузиянын үстүнөн стратегиялык көзөмөл орнотуусуна жол берүүгө даяр эле.

Ушул келечектен алганда, "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун грузин кызматынын директору Давид Какабадзенин көз –карашында, 2003-жылдын ноябрындагы окуялар Грузия үчүн мурдагы советтик өткөнүнөн эле эмес, Орусиянын постсоветтик чеңгээлинен ары кеткен ири секирик болду.

Андыктан Орусия президент Михаил Саакашвилинин бийлигине шек келтирүү үчүн ал кызматка киришкенден тарта ар бир мүмкүнчүлүктү колдонгону таң калыштуу эмес.

Маселен Роза ыңкылабынан көп өтпөй эле Орусия Грузиянын ажырап кеткен эки аймагы: Абхазия менен Түштүк Оссетиянын лидерлеринин жыйынын Москвада өткөрдү. Муну достук маанайдагы ишара деп мүнөздөш кыйын.

Москва андан кийин деле Тбилисини дестабилдештирүү аракеттерин улантып келди. Колундагы газ жана электр кубаты менен манипуляциялады. Грузиядан товар импорттоого тыюу салды, эки өлкө ортосундагы унаа каттамдарын такыр токтоткон учурлары болду.

Грузия бул аралыкта өтө маанилүү реформаларды ишке ашырууга жетишти. Коррупция кыйлага кыскарды, ички инфраструктура жаңыдан курулду, коммуналдык чарба оңдолду, полиция тармагы толугу менен реформаланды.

"Бирок бул мен Саакашвилинин өкмөтү жасагандын баарына эле ыраазымын дегенди билдирбейт"- дейт Давид Какабадзе. Ал белгилегендей:

-Мен АКШнын президенти Жорж Буштун "Грузия демократиянын маягы" деген күлкү келерликтей так эмес мүнөздөмөсүнө кошула албайм. Бул жерде мамлекет тарабынан кыйыр же түз көзөмөлдөнбөгөн жалпы улуттук бир да телеканал жок. Соттор көз карандсыздыктан али алыс. Мыйзам чыгаруу бийлиги өкмөттүн каалоосун-тил алгыч аткаруучу. Президенттин жана анын жакын жардамчыларынын башкаруу стилин "биз баарын эң мыкты билебиз, кийлигишпегиле" деген формула менен мүнөздөөгө болот.

Эгер өлкөнүн демократиялык өнүгүүсү Грузия Орусиянын чеңгээлинен чыгып, Батышка багыт алгандай артка кайткыс болсо мунун баары алдыда өзгөрүшү керек.

"Биз беш жыл мурдагыдан оңолдукпу? Бул суроого менин жообум ачык-айкын – ооба. Бирок ал биз көп нерсени жасообуз абзел",-дейт Давид Какабадзе.

P.S. Макала "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун грузин кызматынын директору Давид Какабадзенин комментарийинин негизинде жазылды. Анда айтылгандар автордун (Давид Какабадзенин) жеке пикири, "Азаттыктын" көз-карашын чагылдырбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG