Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Литвиненконун иши боюнча Ковтун менен Луговой көрсөтмө берүүгө макул


Александр Литвиненко уулангандан кийин...2003-жылдын 20-ноябры
Александр Литвиненко уулангандан кийин...2003-жылдын 20-ноябры

Бул күндөрү Александр Литвиненконун өлүмүн иликтөөгө жардам көрсөтүү үчүн Лондонго барып берүүгө даяр экенин башкы шектелүүчүлөр Луговой менен Ковтун билдиришти.

23-ноябрь күнү Александр Литвиненкону Полоний -10 аталышта уу зат менен уулантып өлтүргөнгө эки жыл толду. Кылмышты иликтей келгенде анын изи Москвага, КГБнын мурдагы офицери Андрей Луговойго келген. Тергөөчүлөрдүн андан шек санашына - Луговой жүргөн жердин баарында Литвиненко ууланган Полоний-10 затынын жугушу болгон.

Экинчи шек түшкөн киши – Дмитрий Ковтун болгон. Ал жүргөн жердин баарында да аталган уу зат жуккан. Буга кошумча, алар ошол күндөрү Лондондо бозгундап жүргөн Литвиненкого жолугуп, «Милениум» ресторанында чай ичип кайтышкан экен. Уу заттын ошол чайга кошуп берилгени такталган.

Ошондо Британия бийлиги ал эки адамды колума салып бер деп Москвага кайрылган. Өз атуулун бөлөк мамлекет сотуна өткөрүп берүү Баш мыйзамыбызда жок деп Кремль кишилерин бердирткен эмес. Натыйжада Улуу Британия менен Орусия алакасы кыйла сууп, дипломаттарын өлкөдөн чыгарып ийүүгө дейре барышкан.

Ал арада Луговойду орусиялык кремлди аркалаган саясий төбөлдөр колдоого алышып, жаалап, Мамдумага депутаттыка шайлатышкан. Анын бир себеби Орусияда кимде ким депутат болсо анын үстүнөн кылмыш ишин козгоо мүмкүн эмес, ага мыйзам жол бербейт.

23-ноябрда Александр Литвиненконун киши колдуу болуп өлүшүнө эки жыл толгонго байланыштуу Москвада коомчулук өкүлдөрүнүн үркөрдөй тобу көчөдө туруу акциясын өткөрүштү.

Ишемби күнү капилеттен эле Луговой менен Ковтун журналистер алдында Лондонго барып берүүгө даяр экенин билдиришти. Ага кошуп британиялык укук коргоо органдарын сындап өтүштү.

Кызык жери буга дейре Лондонго барып тергөөдөн өтүү талабын алар четке кагып келатышкан. Ошондуктан алардын бул күндөрү британиялык кылмыш ишин иликтөө бөлүмүнө көмөк көргөзөбүз деши, анализчилер оозунда, какшык аралаш шылдың делинүүдө.

Ошол эле күнү, 22-ноябрда ИТАР-ТАСС агенттиги аркылуу айткан жообунда Мамдуманын депутаты Андрей Луговой аталган кылмышта өзүнүн эч кандай тийешеси жок экенин айткан:

«Литвиненконун өлтүрүлүшүнө Британиянын мамлекетик машинасы түздөн түз тийиштүү. Ошону эми Орусияга жүктөй салгысы келип атат.

Андай шертти кабыл аларын билдирип, Скотлэнд-ярддан бул кылмышты иликтөөгө алып аткан Энди Хэйман: «Британ бийлиги Луговой менен Ковтундун сунуштарын эске алар эле» - деп жооп берген.

Азыр Лондондо жашап аткан маркумдун жубайы Марина Литвиненко: “күнөөлөрү жок экен, анда эмне себептен эки жыл бою тергөөдөн качып жүрүшөт? Бийлик кол толгоп эле келишпесе, алардын өз ыктыяры менен келери шек санатат,- дейт.

Улуу Британиянын мыйзамына жараша кылмыш иши кайсы бир тосколдуктан улам ары жылбай калса, анда ал аймактык аттуу-баштуу киши күбөлөрдү суракка алып, кылмышкердин атын атап, бирок анын үстүнөн өкүм чыгара албоо салты бар. Кылмышкер абакка кесилбесе да коомчулук астында бети ачылат.

Александр Литвиненконун жубайы кылмышты иликтөөнүн уланышын жана ага ырасмий эмес сот өкүмүнүн чыгарылышын талап кылууда. «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде ошол багытта жасалып аткан аракеттин натыйжасы туурасында Марина Литвиненко: «Козголгон кылмыш ишинин жылышына келгенде, анын бир жыл бою кандайдыр бир өзгөрүү же жандануусу болбошу - көңүлдү иренжитет» - дейт.

Литвиненко кезегинде Москва менен Волгодонск шаарларында үйлөрдү жардырууну бийлик өзү уюштургандыгын сыналгыдан айтып чыккан. Ошондон соң аны бийлик аны кызматтан бошотуп туруп, куугунтуктай баштаган. Акыры Литвиненко качып чыгып Лондондо баш паана таап жашап атканда, Кремль бийлиги аны орусиялык жашырын кызмат колу менен ошол жактан көзүн тазалаткан деген пикир бар анализчилер арасында.



XS
SM
MD
LG