Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:44

Президент К. Бакиев экономиканы дүйнөлүк кризистин терс таасиринен коргоо боюнча кыргыз өкмөтү эл аралык каржы уюмдары менен алгылыктуу иш алып бара албай жатканын сынга алды.

Өкмөт үйүндө Кыргызстандын экономикасын дүйнөлүк экономикалык кризистин терс таасиринен коргоонун чараларын талкуулоо боюнча кеңешмеде Курманбек Бакиев "дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок" деп баса белгилеп, ошол эле учурда Кыргызстанда кризистин терс таасири бизнестин активдүүлүгүнүн төмөндөшү, экономиканы инвестициялоонун темпинин жайлашы жана төлөм балансынын начарлашы аркылуу сезилерин белгиледи.

Президент энергетика системасында көйгөй бар экенин айтып, өкмөттүн позициясына канааттанбагандыгын, айрым министрлердин ойлонулбаган божомол билдирүүлөрү коомчулукту дүрбөлөңгө саларын эскертти.

Ал өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун, экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун буга чейинки билдирүүлөрүнө нааразы болуп аларды учкай сындап өттү. Энергетика тармагындагы кадр маселесин чечүүнү өкмөт башчы И.Чудиновго табыштады.

Бакиев ошондой эле дүйнөлүк каржы кризисинин алдын алуу үчүн жеке менчиктин укугун коргоо, ишкердикти жөнгө салуу, ишкердиктин шарттарын жөндөө, ишкердикке мамлекеттин колдоосун күчтөндүрүү боюнча негизги төрт чараны белгиледи:

"Бардыгынан мурда Игорь Витальевич, өкмөт мүчөлөрү менчикти коргоо боюнча

маселени тез арада жөнгө салуусу керек. Менчикке байланыштуу талаш-тартыштар мыйзамдын чегинде чечилиши керектигин баса белгилеп кетмекчимин."

Бакиев белгилегендей, кийинки учурда соттор менчикке байланыштуу иштерди создуктуруп, жыл айландырып карап, ак үйдүн же көк үйдүн тапшырмасы менен өздөрүнүн тааныш-жакындарынын пайдасына чечим чыгарып, менчик талашуу өнөкөткө айланууда.

Андыктан соттордун мындай мамилесине чекит коюу зарылдыгын билдирген президент өкмөт бизнес-шериктештик менен бирдикте иштеп аткан ченемдик-укуктук базаны кайра карап чыгуусу зарыл экендигин белгиледи.

“Ар кандай жылчыктардын жолун бөгөп, алардын болушуна жол бербөө, “рейддик” жана негизсиз текшерүүлөр үчүн бардык негиздерди жок кылуу керек,”-деди Бакиев.

Премьер-министр Игорь Чудинов өлкөдө жылыга көмүскө экономиканын көлөмү 60 миллиард сомду түзөрүн, бул акча каражаттарын адалдаса дүйнөлүк каржы кризисинин кесепеттерин жоюуга өбөлгө болорун билдирди.

Ал эми Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Джеймс МакХью Кыргызстан дүйнөлүк каржы кризиси терс таасир тийгизерин билип, өткөн жылы июль айында Эл аралык валюта коруна жардам берүү боюнча өтүнүч менен кайрылганын, ал боюнча программа иштелип чыгып директорлор кеңешине жолдонгонун айтты:

"Декабрдын ортосунда аталган программанын долбоору Эл аралык валюта корунун директорлор кеңешинин кароосуна жолдонот. Ал программада көрсөтүлгөн 100 млн. доллар өлчөмүндөгү каражат бекитилет деген үмүттөмүн."

МакХью бул каражат Эл аралык валюта корунун май айында Кыргызстанга азык-түлүк кризисин чечүү үчүн бөлгөн 16 млн. доллар каражатына кошумча болорун белгиледи.

Президент Курманбек Бакиев эл аралык каржы уюмдары ар тараптан жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирип, алар менен убагында ыкчам иш алып бара албай жаткан өкмөткө нааразы болду.

"Иш учурунда ийкемдүүлүкүтү көрсөтүүсү керек, “бирок кыргыздар өзүңөр ыкчам анан көшөрүп аракет кылгылачы, биз силерди колдогонго даярбыз” деп атышат. А кыргыздар, жо-ок жамбаштап жатып алып ойлонуп, и-ии сүйлөшсөмбү, сүйлөшпөсөмбү?Кандай кылсам?.. Ой, ата,"-деди Бакиев.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев дүйнөлүк каржы кризисинен чыгуу жана экономикалык өнүгүү боюнча кыргыз өкмөтүнүн атайын программасы жоктугунан улам эл аралык каржы уюмдары толук кандуу колдоо көрсөтүүдөн тайсалдап турушат деген ойдо.

"Биринчиден өзүбүздүн эконмикалык ички ресурстарыбызды абдан туура эмес, натыйжасыз пайдаланып жатышат. Экинчиден сырттан келип жаткан акчалардын дайыны жок. Алардын натыйжалуулугу жок. Үчүнчүдөн, донор уюмдар да билип калды да “акчабызды жөн эле берсек булар коррупция кылып жеп коюшат экен. Программаңарды иштеп чыккыла, ошол программаңарга акча берелик “ десе, биздин чиновниктер ошол программаны дагы иштеп чыга албай жатышпайбы."

Өкмөттүн ишине канаатандырарылык эмес деп баа берген Сариев энергетикалык кризис тушап салганын, эми каржы кризиси келерин, андан соң экономикалык кризис болорун айтып, бул багытта өкмөттүн иштиктүү иш планы жок экендигин баса белгилей кетти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG