Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23

Энергетикада жылыш болоруна күмөн ой көп


“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин "Азаттыкка" айткан пикирине караганда, президент кечээ талап кылгандай энергетика тармагында реформа жүргүзүү жана анын натыйжасына тез арада жетүү ишке ашпайт. Себеби, азыр өкмөттө аны ишке ашыруу механизми жок жана коррупция күч. Буга жарык өчүрүлгөнүнө карабай жоготуунун азайбагандыгы жана казино, кумар оюн жайларынын күнү-түнү жарыгы өчпөй иштеши далил, деген Темир Сариев электр энергиясын өзүнчө система түзүп алган бийлик уурдап жатат дейт. Анын айтымында, жарыкты өчүрүүдөн өндүрүш токтоп, казынага кеминде 5 миллиард сом түшпөгөнү менен коррупциялашкан бийлик өкүлдөрү ар бир долбоордон 20 пайыздык пайдадан кур калган жери жок.(BD)

XS
SM
MD
LG