Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Армения менен Түркия дипломатиялык алака алдында турат


Армения менен Түркия дипломатиялык алакаларды түзүүдө эч кандай тоскоолдуктарды көрбөйт. Бул тууралуу Анкарада иш сапары менен жүргөн Армениянын тышкы иштер министри Эдвард Налбандян билдирди. Министр кийинки жылы Армениянын президенти Серж Саркисян Түркияга иш сапар менен келерин тастыктады. Эки өлкө ортосундагы чек аралар жабык бойдон кала берүүдө. Бирок соңку учурларда расмий Ереван менен Анкара дипломатиялык алакаларды чыңдоо үчүн бир катар кадамдарды жасашты. Үстүбүздөгү жылдын сентябрында Түркиянын президенти Абдулла Гүл тарыхта алгачкы ирээт Ереванда иш сапары менен болгон.

XS
SM
MD
LG