Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:28

ГЭС куруу жана мунай баалары тууралуу суу-энергетика маселелери боюнча эксперт, Кыргызстан мунай ташуучулар бирикмесинин башчысы Базарбай Мамбетов “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп салып берди.

- Базарбай мырза, Камбар-Ата-2 ГЭСин курууну аяктоо үчүн өкмөт кандай кошумча чараларды көрүш керек?

- Камбар-Ата-2 ГЭСин куруп, аны ишке киргизүү үчүн келерки жылы кеминде 100 миллион доллар акча бөлүшүбүз керек. Биздин кыргыздын экономикасынын келечекте оңолушу, өсүп-өнүгүүсү ушул улуу дарыяларда гидроэлектр станцияларын үзгултүксүз куруу менен байланышта турат.

- Камбар-Ата-1 ГЭСин кура баштоону энергетика миинстри Сапарбек Балкыбеков да белгилеген. Бирок аны долбоорлоо иши бүтпөй турат. Ошол ГЭСтерди долбоорлоону Бишкекте жүргүзүү боюнча Кыргызстанда мүмкүнчүлүктөр барбы?

- ГЭСтерди куруш үчүн техникалык-экономикалык негиздемени, ошонун алдындагы алгачкы эсептерди жасаш үчүн Ташкенге, Москвага кайрылып, аябай көп акчаларды жумшап жатабыз. Эгерде үзгүлтүксүз түрдө Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтерин, андан башка улуу дарыяларда ГЭСтерди курабыз десек, анда биз Кыргызстанда “Гидродолбоор” деген мекемени түзүшүбүз керек. Мурда Бишкекте “Гипросуучарба” андан башка да чоң-чоң, интеллектуалдык, чарбалык базасы жетиштүү мекемелер болгон. Ошолордун базасында “Гидродолбоор” мекемесин түзсөк, долбоорлорду иштеп чыкканга потенциалыбыз болот. Ошол потенциал толук тарап кете электе, аларды чогултушубуз керек.

- Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн Россиядан инвестиция күтүп жатканыбыз белгилүү. Бирок финансылык кризиске байланыштуу ал инвестициянын келиши ого бетер күмөндүү болуп калды. Абалдан чыгуунун кандай жолу бар?

- Сырттан инвестиция өзүнөн-өзү келет деп, биз 18 жыл өзүбүз эч нерсе жасабай отура бергенбиз. Бул өзүбүздү-өзүбүз өлтүргөн менен барабар. Ошондуктан биз ошону күтүп отура бербей, өзүбүз аракет жасашыбыз керек. Ошол ГЭСтер түбөлүккө түгөнбөй агып турган бекер энергетикалык ресурска курулуп жатканын дүйнөгө айтып, ошол болочок гидроэнергетикалык станциялардын акцияларын чыгарып, дүйнөлүк фондулук биржаларга сатсак, бизге керектүү инвестиция келип, курулуш алдыга жылат. Ал ишке ашса биз Борбордук Азиядагы электр энергия боюнча эң негизги өлкөлөрдүн бири болуп калат элек. Тилкке каршы андай болуп жаткан жери жок.

- Сиз учурда Кыргызстан нефтитрейдерлер бирикмесин жетектеп турасыз. Мына ошол кызматыңызга байланыштуу бир суроо. Мына бу күйүүчү майларга баа төмөндөгөнү байкалып жатат. Бул тенденция мындан ары кандай болот?

- Биз күйүүчү майларга болгон бааны быйылкы жылы январда болгон баага чейин түшүрдүк. Дүйнөлүк талдоочулардын айтканына караганда, эмдиги жылы деле чийки мунайдын дүйнөлүк баасы 60-70 доллар болот. ОПЭКке кирген өлкөлөр да ал божомол менен макул болуп жатат. Ошондуктан келерки жылы, быйылкы жылдын аягына чейин биздеги баалар турукташып, базарды жакшы кармап турабыз деген ойдобуз.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG