Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

М. Кулешов демократиянын кезектеги көчө сабагын өткөрөт


Бүгүн укук коргоочу Максим Кулешов Коопсуздук Комитетинин алдында кайрадан акция уюштуруп жатат. Бул өткөн аптада коюлган талаптын уландысы болот. Өткөн аптада Кулешов 2005-жылы март айында Улуттук Банктын Жалалабад облустук бөлүмүнөн уурдалып кеткен 23 млн. сомдун изин табуу боюнча ишти жандандырууну талап кылып чыккан. Бүгүн Кулешов Коопсуздук кеңсесинин жанына плакат жайып, төрага Мурат Суталиновго концелярдык буюмдарды, кутуча, ийне, анан ак жип бергени жатат.

“Демократиянын көчө сабактары” деген ат менен өтүп келаткан акциялар сот тарабынан мыйзамсыз деп табылып, анын уюштуруучусу Максим Кулешов эки ирет 2 миң сомдон айыпка жыгылган. (BuS)

XS
SM
MD
LG