Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:24

Элдешкис оппозиция элге кайрылды


Элдик Революциялык кыймылы бүгүн Кыргызстандын элине кайрылуу таратты. Кайрылууда кыймыл жамы журтту, анын ичинде конструктивдүү оппозицияны үй-бүлөлүк, коррупциялык башкаруудан арылтуу максатын көздөгөн демилгесин колдоого чакырган. Кыймыл 18-ноябрда Таласта Элдик жыйын өткөрүп, анда президент Курманбек Бакиев мөөнөтүнөн мурда кетсин деген чечимди кабыл алган. Кыймыл президентти күч менен кетирип, мамлекетти башкаруу системасынын пайдубалын кайра башынан курууну көздөөдө. Ансыз Акаев баштап, Бакиев улаган авторитардык, кландык, үй-бүлөлүк жана коррупциялык режимден өлкө кутулбайт деп эсептейт кыймыл. Элдешкис оппозициянын мындай демилгесин бириккен оппозиция колдогон жери жок. Муну саясий илдерлер Кыргызстан экинчи ыңкылапты көтөрө албайт деп негиздешүүдө. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG