Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:59

Нарын облусунда кытай жараны эмне себептен өлгөндүгү териштирилүүдө


Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 21-ноябрь күнү кечки саат тогуздар чамасында Долон ашуусуна чыгып бара жаткан маалда кытайлык оор жүк тарткан автоунаа артка кетип, ала салып кеткен. Айдоочу кытайлык жаран Гуан Ли Шинг окуя болгон жерден каза болгон. Бирок алгачкы кароодо маркумдун баш сөөгүндө майда-майда тешикчилер болгондугу байкалган. Анын сөөгүнө соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана баллистикалык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат. “Кимдир бирөө аны атып өлтүрдү деген кептин негизи жок” - дейт облустук ички иштер башкармасынын жетекчисинин орун басары Орозбек Молдосариев. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG