Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:03

Ноокат районунун дыйкандары тамекиге баанын көтөрүлүшүн талап кылышууда


Кыргызстандагы тамекинин 90 пайызы Ош облусунда, анын басымдуулугу Ноокат районунда өндүрүлөт, бирок бир граммы да калбай экспорттолот. Бирок акыркы жылдардагы инфляцияга карабастан чет өлкөлүк Даймон, Стансун фирмалары «сары алтындын» наркын 40 сомдон ашырбай жатышат. "Мынча каражат короткон чыгымды да каптабайт!» - дешет ноокаттык дыйкандар Өкмөткө жолдогон Кайрылуусунда. Ош облус губернаторунун орун басары Болот Бүргөев аталган эки фирмага «Кыргызтамекиси» мамлекеттик корпорациясы конкуренция болгондон бери тамекинин баасы сортуна жараша 2 сомго көтөрүлгөндүгүн, бирок ошол да дыйкандар мээнетин актабай жаткандыгын билдирди. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG