Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:46

Айрым саясый чөйрөлөрдө Вашингтон Иран менен дипломаттык мамиле түзүүнү каалаган жок деген ишеним күчтүү. Мындай пикирге Америка ишкерлер институнун талдоочусу Майкл Рубин кошулбайт. Илимпоздун айтымында, акыркы отуз жылда АКШнын өз ара мамилени жакшыртуу боюнча жасаган дипломаттык аракеттерине ырасмий Тегеран бут тосуп келген.

Ирандын Вашингтондогу ымаятчысы эсептелген Улуттук Иран-АКШ кеңеши өткөн жумада жасаган кайрылуусунда Барак Обаманын президент шайлануусу Кошмо Штаттары - Иран арасындагы мамилени жанданат деген ишенимди жаратканын айтып, тараптарды бийик деңгээлдеги дипломаттык сүйлөшүүлөрдү саалгытпастан баштоого чакырды.

Барак Обаманын президент шайлануусу менен Вашингтондо АКШ-Иран арасындагы мамиле жакшырат деген ишеним жаралды. Америкалык серепчи Майкл Рубиндин пикиринче, буга Улуттук Иран-Америка кеңешинин 20-ноябрда жасаган кайрылуусу далил. Кеңеш Иран Ислам Республикасынын Вашингтондогу мыяткери эсептелип, коомдук уюмга мурдакы дипломаттар, илимпоздор жана блоггерлер мүчө. Кеңеш кайрылуусунда күчкө таянып омуроолоо саясасаты майнап бербесин белгилеп, эки жакты түз эле дипломаттык сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырат, дейт Майкл Рубин «Азаттыкка».

-Биз ийгиликке жеткирчү башка бир ишенимдүү жол бар деп билебиз: Ал эшикти дипломаттык бийик деңгээлдеги түз, эч кандай шарты жок жана кеңири мазмундагы сүйлөшүүгө ачуу. Тилекке каршы, Вашингтондо асыресе болуп келгендей, береги бюрократтар анализден куру догманы өйдө коюшту.

Серепчи соңку отуз жылда АКШнын өз ара мамиле түзүү аракеттери ырасмий Тегерандын ачык жана көмүскө карышлыктарына кабылып жүргөнүн айтат. Президент Картер эки арадагы алканы жандандырмак болгондо, ирандык студенттер АКШнын Тегерандагы элчиканасын басып алат. 1999-жылы Хашеми-Рафсанжани президент шайланганда, ал кездеги АКШ президенти улуу Жорж Буш сүйлөшүүгө даяр экенин билдирип, бирок жооп албайт.

Демократ Клинтондун администрациясы 1995 жана 1997-жылдары Иран менен соода кылууну жана инвестиция салууну чектеген токтомдорду чыгарганына карабай, бийлигинин акыркы жылы Тышкы иштер министрлер деңгээлиндеги алаканы жакшыртууга аракет кылат. Бирок Тегеран айтылган «саламды алик албайт».

Кенже Жорж Буш 2002-жылы Иранды «каргашалуу өлкө» деп атаса да, ортодогу дипломаттык байланыш токтотулган эмес. Болбосо, Ирандын терроризмди колдогонун, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына каршы турганын, ядролук куралдуу болууга умтулганын бетке кармап, Буштун жакшы ыкласын сындагандар көп болду, дейт Майкл Рубин. Атүгүл мамкатчы Кондолиза Райс 2006-жылдан 31-мартында Иран уранды байытууну токтотсо, АКШлык дипломаттар ирандык өнөктөштөрү менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирет. Сунушту президент Ахмединежад «жалган пропаганда» деп атайт. Ал эми 12-октябрда Ирандын вице-президенти Мехди Калор «АКШлык күчтөр синисттик режимди колдоп турганда жана Жакынкы Чыгыштан чыгып кетмейинче, Иран-АКШ сүйлөшүүлөрү күн тартибине киргизилбейт», деп кесе эскерткен.
XS
SM
MD
LG