Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибанд Кабулда президент Карзай менен жолугушту


Анын Ооган баш каласындагы сапары жөнүндө алдын ала маалымдалган эмес. Британ элчилигинен кабарлашкандай, министр Кабулга дүйшөмбүдө кечинде келген. Британ аскерлери Ооганстандагы экинчи ири чет өлкөлүк контингентти түзүшөт. Алардын саны ушу тапта 51 миң кишиге жетет. 8 миңдей британ жоокери Эларалык бейпилдик күчтөрүнүн алкагында Хелманд провинциясында талиптер жетектеген козголоңчуларга каршы согушууда. Кечээ ал жердеги жардыруудан британиялык 1 аскер окко учту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG