Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

Сафарбек Солиев тажикстандык режиссер, ал ички согуштун мезгилинде Бишкекке качып келип, бүгүн Кыргызстанды да мекеним деп билет. 20 чакты көркөм жана даректүү тасмаларды тарткан Солиев жакында Кыргызстанда өзүнүн документалдуу тасмасын көрсөттү. Караколдогу фестивалдын мезгилинде аны Жаңыл Жусубжан сөзгө тартып, Солиевдин тажикстандык кыргыздар тууралуу документалдуу тасма тартуу пландары тууралуу маектешти.

- Сиздин Мургаб менен кандай байланышыңыз бар?

- Менин Мургаб менен көп байланышым бар. Эбактан берки кыялым, тагыраак айтсам, 1988-жылдан, демек 20 жылдан бери Мургабдагы кыргыздар тууралуу кино тартсам деп жүрөм. Бул үчүн материал топтоп, Бадахшанга барган сайын, сөзсүз Памирге да барам. Памирдин Мургаб районунда сөзсүз элге жолугуп, алардын жашоосуна кызыгам, эмне иш кылып атышат, кандай жашап жатышат, ушуну билгим келет. Андан бери көп өзгөрүү болду, көп нерселер жок да болуп кетти. Жашоо начарлап, кыйындады. Мен өз фильмимди бүтүрүп, бир 60 мүнөттүк даректүү тасма тартсам дейм.

-Жаңы эле Бишкекте, Караколдо көрсөтүлгөн сиздин "Нисур" тасмаңызда Бадахшандагы күн аз тийген капчыгайдагы айылдын жашоосун 20 жыл мурда тартып, анан кийин барып, бүгүнкү турмушун көрсөтүпсүз. Сиздин кыргыздар тууралуу тасмаңыз да "Мургаб 20 жылдан кийин" деген сыяктуу нукта болобу?

- Балким, ошол сыяктуу болот. Менде дал ушул памирлик кыргыздар тууралуу тарыхый материал, сүрөттөр көп. Памирди биринчилерден болуп изилдеген орус, англичандардын литография, жазма материалдары бар. Алардын сүрөттөмөлөрү өтө кызык. Мен кеңири тарыхый негизде кино тарткым келет. Башкалар бул татаал климатта жашаган эл тууралуу билсин. Мында текейден башка эчнерсе өспөйт эмеспи. Памирлик кыргыздар топоз багат, бир кездерде төөсү бар эле, азыр Мургабда бир да төөнү көрбөйсүз. Мына ушул шартта кыргыздар жашап, ырларын ырдап, балдарын өстүрүп жатышат.

- Силердин тасмаларды дүйнөлүк экрандарда көрсөтүп жүрүшөт. Быйыл Франциядагы Азиялык филмдердин Везуль фестивалында калыстар тобуна мүчө болдуңуз. Анда сиздин төрт тасмаңызды көрсөтүштү. Эгер сиз Мургабдагы кыргыздар тууралуу кино тартып, аны ушинтип, ар кыл өлкөлөрдө көрсөтсөңүз, кыргыздар албетте сүйүнөт болчу. Ошондуктан деле Кыргызстан мындай долбоорду колдошу керек го. Кыргыз бийликтерине кайрылып көрдүңүзбү?

-Жок. Мындан 20 жылча мурда, 1989-жылы мен Ашхабадда кино фестивалда болгондо кыргыз делегациясы менен жолугуп, ушул тууралуу сүйлөшкөнбүз. Ал жерде Кыргызстандын мамлекеттик киносунун өкүлдөрү болгон, алар менен ушул темада сүйлөшкөнбүз. Ошол бойдон мен башка эч жакка кайрылган жокмун. Бирок мен кыргыздардын, Памирдин, жалпы эле Борбор Азиянын тагдырына кайдыгер карабагандардын баарына кайрылгым келет. Мен алар менен кызматташууга даярмын. Бирок финансылык кыйынчылык болсо, анда балким кыргыз бийликтерине да кайрылам.

-Тажикстандын кыргыздар жашаган дагы бир району Жерге-Тал эмеспи. Ошол жакта районду башкарган бир кыргыз аял бар, ал азыр парламентке шайланыптыр. Ал кишини тааныйсызбы?

- Сиз биздин Зууракан Давлеталиеваны айтып жатсаңар керек. Ооба, Зууракан бүгүн парламентте сенатор. Биздин парламентте да аялдар бар. Президенттин буйругу менен алар депутаттардын 15-20% түзүшү керек. Бирок Зууракан мындай бийиктикке квотанын аркасы менен жеткен жок. Ал өз району үчүн көп эмгек кылды. Ал өткүр аял, эл башкарганды билет, башкысы, чарбага сарамжалдуу мамиле кылат. Тажикстандагы энергетикалык кризиске көп болду, менин тасмамдан да көрдүңүз: бизде тоолордо жарык жок, ал эми шаарларда жарыкты эртең менен эки саатка, кечинде эки саатка гана беришет. Ал эми Жерге-Талда жарык дайым бар. Анткени алар ГЭС куруп алышкан, ал бүт районду жарык менен үзгүлтүксүз камсыздап турат. Алар ГЭСти өз убагында оңдоп, жакшы карашат, ошондуктан Тажикстандын эң бийик аймагында электр жарыгы күнү да, түнү да бар.



XS
SM
MD
LG