Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

Казакстанда өкмөт антикризистик программасын жарыялады. Ага ылайык Улуттук кордон бөлүнүүчү 10 миллиард доллар акча беш багытта жумшалат. Айрым байкоочулар өкмөт чараны кечигүү менен көрүп жатканын белгилешүүдө.

Антикризистик аракеттердин программасын казак өкмөтү 25-ноябрдагы отурумунда бекитти. Бирок өкмөт кандай кадамдары көрөрү өткөн аптада президент Нурсултан Назарбаев Улуттук инвесторлор кеңешинин отурумун өткөргөндө эле алдын-ала маалым болгон. Анда казак президенти кризиске каршы күрөштө миллиарддаган доллар бөлүүнү убада кылып, кеңешмеге катышкандардан коомдо дүрбөлөң салышы мүмкүн ушак-айыңдарды токтотууну талап кылган эле.

Эми премьер-министр Карим Масимовдун шейшембидеги отурумунда билдиргенине караганда, "өкмөттүн, Улуттук банк менен каржы базарына жана каржы уюмдарына көзөмөл салуу боюнча агенттиктин биргелешкен аракеттер планын ишке ашыруу үчүн Улуттук кордон, 2009-2011-жылдардын бюджетинен, пенсиялык кордон10 миллиард доллар каражат ажыратылат".

Бул акча беш багытта жумшалмакчы. Алардын ичинен каржы секторунун туруктуулугун кармоого 4 миллиард, кыймылсыз мүлк базарын турукташтырууга 3 миллиард, орто жана чакан бизнести колдоого 1 миллиард, айыл-чарбасына 1 миллиард, инновациялык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого 1 миллиард доллар сарпталат.

Глобалдык каржы кризисинен Казакстандын экономикасы кыйла жабыр тартты, жагдайды соңку айларда мунай баасынын төмөндөөсү да чыңалткандай болду. Казак өкмөтү эми антикризистик программанын алкагында көрүлүүчү чаралар кырдаалды оңдойт деген үмүттө. Айрым байкоочулар болсо өкмөт кадамды кечигип шилтегенин белгилешүүдө. Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев мындай дейт:

- Менимче кечигүү сезилип жаткандай. Тилекке каршы быйыл жыл башында Казакстандын өкмөтү өлкөдө кризис бар экенин моюнга алган эмес. Биздин өкмөт азыр сунуш кылган антикризистик программа быйылкы жылдын жайында же жайдын башында эле пайда болушу керек эле. Ошондо эле дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүү кыйла убакытты талап кылары билинген. Менимче, казак өкмөтү кырдаалды дүйнөлүк каржы кризисинин экинчи толкуну башталгандан кийин гана аңдап-билди. Бул казак өкмөтүн экономика 2009-жылы азыркыдан да начар акыбалда болорун түшүнүүгө мажбурлады. Анткени казак экономикасын сырттан да, ички инвесторлор тарабынан да кредитттөнүн көлөмү кескин төмөндөп кетти. Азыр баары абалдан чыгууга аракеттенүүдө. Андыктан кимдир бирөөнү да болсо колдоп, өлкөнү дефолтко жеткирбеш үчүн казак өкмөтүнө кризистик жараяндар бар экенин моюнга алып, ушул программаны иштөөгө туура келди.

Казакстандын бюджети көбүнесе мунайга көз каранды. Азыр эл аралык базарда мунай баасы арзандап жаткандыктан, эми өкмөт бюджет боюнча божомолдоруна да өзгөртүү киргизүүгө аргасыз. Премьер-министр Карим Масимовдун шейшембидеги өкмөт жыйынында билдиргенине караганда, келерки жылдын бюджетинде мунайдын бир баррелин 40 доллар, 2010-2011-жылдарга 50 доллар деп кароо керек.

Турак-жай базарын турукташтыруу үчүн Улуттук кор да батирлерди сатып алууну белгилөөдө

Антикризистик программанын алкагында ажыратылуучу 10 миллиард доллардын 3 миллиарды кыймылсыз мүлк базарын турукташтыруу үчүн жумшалат. Алматылык саясат тануучу Досым Сатпаев биз менен маегинде белгилегендей, бул көйгөйдүн экономикалык гана эмес саясий өңүтү да бар:

- Көйгөйдүн баары - казак экономикасынын бул (курулуш) сегментиндеги кыйроодон азыр көчөгө чыгып, мамлекет чара көрүүсүн талап кыла баштаган көп сандаган адамдар пайда болгондугунда. Сөз бул жерде курулушка акча салып, бирок үйлөрү бүтпөй калган адамдар, алар өздөрүн алдап кетти деп эсептешет, казак банктарынан чоң үстөк пайыз менен ипотекалык кредит алып, азыр жумушун жоготуп же башка себептен улам төлөй албай калгандыктан батиринен ажыроо коркунучуна кептелгендер жөнүндө жүрүп жатат. Мындан сырткары көп жылдардан бери батир алалбай жүргөн мамлекеттик кызматчылар бар. Андыктан өкмөт кыймылсыз мүлк базарын сактап калуу боюнча кандайдыр бир чара көрүшү керек, болбосо азыр эле тенденциялары байкала баштаган кандайдыр бир социалдык жарылуу чыгышы мүмкүн. Менимче, бул чөйрөдө социалдык кырдаал чыңалып жатканын эске алганда, маселе экономикалык эле эмес, саясий көйгөйлөр менен да байланыштуу.

Казак өкмөтүнүн шейшембидеги жыйынында айтылгандай, өлкөдө ипотекалык кредиттер боюнча түзүлгөн көйгөдү чечүү үчүн Пенсиялык кордон да 2 миллиард доллар үлөштүрүлөт. Президент Нурсултан Назарбаев өткөн аптадагы жыйында, өкмөттөн жардам алуучу курулуш компаниялары турак-жайдын бир чарчы метринин баасын Алматыда 1000 доллардан, Астанада 700-800 доллардан ашырбоосу керектигин айтып чыккан эле. Мындай шартка көнбөгөндөрдү банкрот болуу күтүп турганын, мамлекеттин башка мүмкүнчүлүгү жок экенин эскерткен.

Казакстандын "Самрук-Казына" улуттук корунун төрагасы Кайрат Келимбетовдун өкмөт отурумунда билдиргенине караганда, турак-жай базарын турукташтыруу үчүн аталган кор Астанадан 1350 батирди бир чарчы метрин 800, ал эми Алматыдан 500 батирди бир чарчы метрин 1000 доллардан ашпаган баада сатып алууну белгилөөдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG