Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Пакистан: Айэсай ички саясаттан четтетилди


Пакистандын ведомстволор аралык чагындоо кызматынын (Inter-Services Intelligence-ISI) саясый башкармалыгы үн-сөзсүз жабылды. Башкармалык саясатчылардын үстүнөн көзөмөл салып, министрлер анын макулдугу менен дайындалчу.

Пакистан бийликтери бул өзгөрүү өкмөттүн тышкы саясатына жана террорчулкка каршы көрөштөгү ISIнин ролуна таасир этпейт дешет. Батыш талдоочулары ырасмий Исламабад береги кадамга Вашингтондун кысымынан улам барганын белгилешет.

Пакистан өкмөтүнүн маалымдашынча, ISIдын саясый башкармалыгы Коргоо министрлигинин аскерий чалгындоо кызматына өтүп, негизинен террорчулукка каршы иштер менен алп урушат. Мурда аскерий жетекчилик ISIдын аталган башкармалыгын саясый партиялардын лидерлерине каршы күрөштө пайдаланат деп сындалып жүргөн.

Насим Зехра - пакистандык таанымал журналист. Ал Гарвард университетинин Азия борборунун изилдөөчүсү да. Зехранын айтымында:

- Пакистанды узак жылдар бою аскерлер башкарды. Аскерий жетекчилик ISIдын бир бөлүмүн өлкөдөгү саясый кырдаалды башкарып туруу үчүн пайдаланып жүрдү. Ушундан улам агенттик жаман атты болду.

Батыштык серепчилердин байкашынча, Вашингтон узактан бери ISIды ички саясаттан четтетүүгө жана ISI менен ислам согушчандары арасындагы байланышты тыйууну ырасмий Исламабаддан талап кылып жаткан жана талапты апрелде бийликке президент Азиф Али Зардаринин жарандык өкмөтү аткарды.

Исламабад ISIдын саясый канатын Вашингтондун кысымы астында таркатты деген кепке америкалык талдоочу Даниел Маркий ынанбайт:

- Ушу тапта береги кадам согушчандарга каршы күрөшкө түз байланышканбы же ISIды ички саясаттан алыстатып, пакистандык саясатчыларга болгон кысымды азайтууга багытталганбы, айтуу кыйын. Бул чара Зарадринин өкмөтүнүн АКШ бийликтери менен алгылыктуу иштөөсүнө жолду кенен ачат. Кошмо Штаттар ISIдын ички саясаттка катышпоосуна кызыкдар экени анык.

Данил Маркий учурда Вашингтондогу Тышкы байланыштар кеңешинин Пакистан, Индия жана Түштүк Азия боюнча талдоочусу.

«Талибан» деген эмгектин автору, пакистандык журналист Ахмед Рашид ISI көп жылдар бою эки жак менен тең ойноп, Вашингтондун жана талибдердин «көзүнө чөп салып» жүргөнүн айтат. Мисалы, ISI согушчандардын Ооганстанга, Индияга жана Кашмирдин Индияга таандык бөлүгүндөгү чабуулдарын калкалап турган. Ошол эле учурда Пакистандын аскер жетекчилиги менен согушчандарды жакындатпоо үчүн, аларды өзү түзгөн менчик уюмдар аркылуу гана байланыштырып турган, деп жазат Рашид.

Бир жылдары ISIдын башкы директору болуп турган Хамид Гүл ISIдын саясый башкармалыкты жабуу агенттик жөнүндөгү саясатчылар арасындагы пикирди жакшыртат деп ишенет:

- ISIдын саясый канаты жабылса, туура иш болот. ISI аскерлерди тейлөөчү уюм болгондуктан, анын кызматкерлери тартипти бузушпайт. Бул тартипти бекем сактаган уюм.

Бирок, Данил Маркейдин пикиринче, Кошмо Штаттар ISIдын мурдакы кызматкерлери менен Пакистандагы ислам согушчандары арасындагы байланышты көзөмөлдөөнү токтотпош керек. Бул Пакистан өкмөтүнө аскерий чалгындоо агенттигиндеги талиптерге ымаласы ысык кызматкерлерди адамдарды изоляциялоого мүмкүндүк берет.

XS
SM
MD
LG