Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:20

“Ак жол” менен “Жаңы Кыргызстан” айтыша баштады


“Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын жетекчиси Азиз Турсунбаев депутат катары милдетин билбегендиктен фракция парламентте жасаган иштери боюнча кандай мыйзамдын негизинде “Жаңы Кыргызстан” партиясынын алдында отчет бериши керек деп жооп берди”,-деп билдирди “Жаңы Кыргызстан” партиясынын башкы катчысы Исмаил Исаков “Азаттыкка”. Анын айтымында, “Ак жол” фракциясынын депутаттары партия жетекчилерине эмес аларды шайлаган партиянын мүчөлөрүнүн алдында мыйзам чегинде отчет берүүгө милдеттүү. Андан тышкары өкмөттүн жаңы түзүмү тууралуу партиянын сунушун карап көрүп, жарамдууларын алууга милдеттүү деген Исмаил Исаков бийлик партиянын сунушун эске албаса мамлекеттик жогорку кызматта турган мүчөлөрүн чакыртып алып ачык оппозицияга өтөөрүн жана нааразылык акцияларына барарын билдирди. “Ак жол” фракциясынын жетекчиси Азиз Турсунбаев партиянын Жогорку Кеңешке жолдогон кайрылуусуна кечээ ачык кат менен жооп берип, өкмөттү сындаган И.Исаков акыркы үч жылда өзү министр болуп иштегендигин эске салган болчу. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG