Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Экс-Акыйкатчы АКШ авиабазасын өлкөдөн чыгарууга бет алды


Кыргызстандын “Манас” аэропортунан америкалык авиабазаны чыгаруу боюнча экс-Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу төрагалык кылган Мусулмандар союзу элдин колун топтой баштады. Турсунбай Бакир уулунун “Азаттыкка” билдириши боюнча, Жогорку Кеңештин кароосуна берүүгө зарыл 300 миң адамдын колунун 200 миңи түштүк облустардан, калган 100 миңи башка облустардан чогултулат. Ал эми авиабазаны чыгаруу талабына андан түшкөн пайда элге эмес кызматкерлердин чөнтөгүнө кеткени, экологияга зыяны жана Ирандын кайсы жактан бизге каршы ок атылса биз да ошол жакка бомба менен жооп беребиз деп эскерткени түрткү болууда деген экс-Акыйкатчы бул аракет менен Ооганстандан аскерин чыгарам деген АКШнын жаңы президентине жардам гана беребиз деген ойдо. (BD)

XS
SM
MD
LG