Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:33

Акыйкатчы бийлик менен оппозиция ортосунда көпүрө түзгүсү келүүдө


Оппозиция сунуштап жаткан Кыргызстандын өнүгүү концепциясын бийлик талкуулоого милдеттүү. Мындай пикирин “Азаттыкка” Акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, оппозиция үч-төрткө бөлүнүп, бийликтегилердин ортосунда да өз ара тирешүү күчөп, Кыргызстандын келечегине доо кетчү кырдаалга туш кылчудай болуп турат. Ошондуктан, бийлик менен оппозиция мамлекеттин келечеги үчүн диалогко барышы зарыл. Турсунбек Акундун айтымында, бийлик оппозициянын концепциясын эске алса оппозиция бийлик менен сүйлөшүүгө даяр, бирок бул жаатта бийликтин чечкиндүү кадамга барбаганы аларды иренжитүүдө.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG