Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:13

СПИД күнүнө карата АКШ Кыргызстанга медициналык жабдык берет


АКШ элчилигинин тараткан маалыматына караганда бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Саламаттык сактоо министрлигине ооруканалардын ичиндеги СПИД баштаган илдеттердин инфекцияларын алдын алуучу жана жок кылуучу жабдыктарды берет. Эл аралык өнүгүү агенттиги аркылуу Кыргызстанга АКШ бул багытта буга чейин 439 миң долларлык жабдык берген деп билдирет элчиликтин маалымат кызматы. Маалыматка караганда ЮСАИДдин каржылык колдоосу менен Бишкек шаарында жана Ош облусунда 380 дарыгер менен медициналык ортоңку кызматкер окутулду. Кара-Сууда СПИДдин ВИЧ инфекциясы балдар арасында табылган учурда ЮСАИД Оштогу 10 миң баланы текшерүүдөн өткөрүүгө каржылык колдоо көрсөткөн.
Кошумчалап койчу жагы 1-декабрь СПИДдин эл аралык күнүндө Ош шаарында атайын иш чара өтөрү күтүлүүдө. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG