Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

“Ата мекен” партиясы жаңы гезитти каттоодон өткөрө албай жатат


Партиянын координатору Алманбет Шыкмаматовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда “Эркин гезит” деген ат менен гезит чыгарууга юстиция министрлиги уруксат бербей койду. Министрлик гезит ээси көрсөтүлгөн эмес деп негиздеп, “Эркин гезитти” каттоодон баш тартты. Ошол эле учурда ушундай эле тартипте даярдалган документтердин негизинде бийликке ыктаган үч гезитти министрлик каттоого алды деп билдирген Шыкмаматов “Ата мекендин” гезитинин катталбай калышын саясий себеп менен байланыштырды. Координатордун айтымында, гезитти каттоодон өткөрүү үчүн эми партия документти кайрадан Юстиция министрлигине тапшырып, ошол эле мезгилде өз укугун сот аркылуу коргоо аракетин жасаганы жатат. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG