Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Быйыл зыяратчыларды Меккеге жөнөтүүдө маселе чыккан жок


Муфтияттын өкүлүнүн билдиришинче, буга чейин республиканын ар тарабынан ажыга өз алдынча автобус менен кеткендер жолдо калып, чек арадан өтпөй калуу маселелерине тушугуп келген учурлар болгон. Быйыл болсо бул маселе катуу көзөмөлгө алынып, автобус менен өз алдынча барууга катуу тыюу салынды. Андан сырткары зыяратчылардын баары быйыл жаңы үлгүдөгү паспорт менен жолго чыгышы да бир топ жеңилдиктерди алып келди. Буга чейин зыяратчыларды Меккеге жөнөтүү маселеси Дин иштери мамлекеттик агенттикке милдеттендирилген эле. Быйыл бул ишти толугу менен муфтият колго алууда. Меккеге баруучулардын саны быйыл төрт миң беш жүз болсо, эки миңден ашууну аялдар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG