Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Президент Чүй губернаторуна кышка даярдыкты жакшыртуу талабын койду


Бүгүн өлкө башчысы Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйдановдон соңку 10 айдагы облустун социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктарын укту. Анан облустун кышка болгон даярдыгын жакшыртууну милдеттендирди. Бирок аймактагы социалдык-маданий жайлардын кышка даярдыгы начар экенин жергиликтүү тургундар белгилеп келе жатышат. Бөтөнчө электр энергиясын чектөөгө алгандан бери, мектептерди көмүр менен жылытууга мүмкүн болбогон жагдайлар бар, деп белгилейт Кемин шаарчасынын тургуну Лира Оморова. Жергиликтүү бийлик болсо облустагы социалдык-маданий жайлар болжолдуу 70% кышка даяр деп маалымат берүүдө. (JJ)

XS
SM
MD
LG