Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Иранда киши өлтүргөн 9 киши жана бир аял дарга асылды


Тегерандагы Евин түрмөсүндөгү массалык дарга асууга көзөмөл кылган расмий өкүлдөрдүн айтымында, бир аял убактылуу никедеги күйөөсүн кескилеп өлтүргөн. Айрым укук коргоочулар ал аял күйөөсүн кызын зордуктаганы үчүн өлтүргөнүн айтышууда. Мындай кылмышты далилдөө үчүн Иранда расмий кабыл алынган шарият мыйзамы боюнча, зордуктоого төрт эркек киши күбө болушу керек. Мамлекет тарабынан өлүм жазасына тартуу боюнча, Иран былтыр Кытайдан кийинки экинчи орунду алган.

XS
SM
MD
LG