Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

Жалал-Абатта облустун өнүгүүсүнө тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды


БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосу астында облусту өнүктүрүү боюнча талдоонун жыйынтыгын «Эл аралык сабырдуулук кору» облбийликте ортого салды. Анда айтылгандай, элдин бийликке ишеними азайды. Чек ара тоскоолдуктары күчтүү. Бала төрөлгөндөн сөөк коюуга чейин жана окуу жайларда, бийлик бутактарында паракорлук жайылган. Диний экстремисттик уюмдарга киргендер адилеттикти ошол партиядан издөөдө. Христиан динин кабыл алгандар арбууда. Суу, жайыт талаш маселеси орчундуу, балдар кылмыштуулугу күчөгөн. Жума күнү намазга кеткендиктен мамлекеттик кызматкерлерди жумуш ордунан табуу кыйын. Улуттук аң-сезими төмөн жарандар өз укуктарын билбегендиктен өлкөнүн келечегине кайдигер. Губернатордун орунбасары Дамира Алимжанованын айтымында мечитке каттаган балдардын саны азайды. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG