Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Түркмөнстан Батыш компанияларын иренжитүүдөбү?


Апта соңунда Ашхабадда Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия президенттери жолугары күтүлүүдө. Анда энергия маселелери, анын ичинде Каспийдин газын Европага ташуу жолдору да талкууланчудай. Айрым байкоочулардын баамында, бул багыттагы долбоордо али чечиле элек нерселери көп.

19-20-ноябрь күндөрү Ашхабадда "Түркмөнстандын мунайы жана газы" деп аталган эл аралык көргөзмө менен конференция быйыл он үчүнчү ирээт өткөрүлдү. Ага отун-энергетика чөйрөсүндө иштеген 90дой эл аралык компаниянын делегациялары катышты. Eurasia view интернет басылмасынын Борбор Азияга адистешкен кабарчысы Жеймс Деллинин жазганына караганда, ал жыйындын "катышуучуларынын көбү бир эле нерсе жөнүндө ойлой алышмак, бирок түркмөн бийликтери "Набукко" деген ошол сөздү оозанышкан жок.

Набукко - Каспийдин газын Европага Орусия менен Ирандын аймагына кирбестен чыгарууну караган долбоор. Долбоор боюнча бул куурдун узундугу 3300 чакырымга жетип, толук иштеген кезинде Европага жылына 31 миллион куб метр газ чыгара алат. Куур өзү Грузия-Түркия же Түркия-Иран чек арасынан башталып, Австрияга чейин жетүүсү керек. Бирок Каспийдин айланасындагы Азербайжан, Түркмөнстан жана Казакстан өңдүү өлкөлөрдүн көгүлтүр отусуз, азырынча долбоордогу, бул куурду толтуруу кыйын. Андыктан аталган өлкөлөрдүн Набуккого катышуусу абдан маанилүү деп эсептелинет. План боюнча куурдан көгүлтүр от Европаны көздөй 2013-жылга карата ага баштоосу керек.

Өзүнүн энергия булактарын диверсификациялоону жана Орусияга көз карандылыгын азайтууну көздөгөн Еврошаркет бул долбоордун ишке ашуусу үчүн кызуу аракеттенип келүүдө. Долбоордон тикелей пайда көрбөгөнү менен аны Кошмо Штаттар да колдойт. Эгер Набукко долбооруна катышса, Түркмөнстандын газы Каспийдин батыш жээгине же Азербайжанга деңиздин түбү аркылуу төшөлүүчү куур менен жеткирилиши керек. Бул үчүн ириде Азербайжан менен Түркмөнстандын кызматташтыгы зарыл.

Түркмөнстанда президент алмашкандан бери эки өлкөнүн алакалары жылым тарта баштагансыды.Тараптар узактан бери келе жаткан, газ төлөмдөрүнө байланышкан карыз боюнча талашын чечишип, президент Гурбангулы Бердымухаммедов быйыл майда Бакуда расмий сапар менен болгон эле. Азербайжан-Түркмөнстандын мамилесинин оңолуусу Набукко долбоорун алга жылдыруучу факторлордун бири катары эсептелчү. Баку менен Ашхабаддын өз ара иштешүүсүнө Еврошаркет да кызыкдар болуп келүүдө. Анткен менен Еurasia view интернет басылмасынын жазганына караганда, азырынча "Батыштын энергетикалык компаниялары Ашхабаддан чечимди иренжинүү сезими күчөө менен күтүп жатат".

"Эгер Ашхабаддагы азыркы конференциядан кандайдыр бир сабак алынса, ал балким 2006-жылдын соңунда режимдин алмашуусу менен жаралган үмүттөрдү унутуу керектигинде болсо керек. Анда баары өлкөнүн жаңы башкаруучусу Гурбангулы Бердымухаммедов өзүнөн мурдагы Сапармурад Ниязовдун мурастарынан чечкиндүү түрдө баш тартат, Түркмөнстанды глобалдык энергетикалык системага интерграциялоого чечкиндүү киришет деп үмөттөнүшкөн. Бирок Ашхабаддагы соңку энергетикалык конференция Бердыммухамедов да кандайдыр бир милдеттеме алууну каалабасын далилдегендей болду",- деп белгилейт Еurasia view интернет басылмасы.

Андагы макалада айтылгандай, Ашхабад конференциясында сөз сүйлөгөндөрдүн көбү Ашхабадды диверцификация жолуна түшүүгө арбашты. Алардын бири, Platts энергетикалык агенттигинин эксперти Жон Роббертс (John Roberts) атүгүл Түркмөнстан эгер Батыш колдогон Набукко газ куурунан алдыда да оолактай бере турган болсо "эбегейсиз ката" кетирерин эскерткен.

Бирок түркмөн бийликтери, тилекке каршы, Набукко деген атты эскеришкен да жок. Пиер Ноэл (Pierre Noel) Эл аралык мамилелер боюнча Европа кеңешинин энергия маселеси боюнча эксперти. Ал биз менен маегинде белгилегендей, Набукко бүгүн эле ишке аша койо турган долбоор эмес:

- Менимче бул жалпысынан адамдар Европада ойлогондон, узак мөөнөттөгү долбоор. Бул алдыдагы жылдары эле курула койбойт. Бул - убакыт жагынан 5 эмес, 10-15 жылга созулуучу долбоор. Мисалы Түркмөнстан менен биз газ контракттарын түзүүгө жакындай ала турган баскычта эмеспиз. Мен билгенден, алар азырынча газ компаниялары (Европанын) менен кандайдыр бир олуттуу сүйлөшүү да жүргүзө элек.

Эксперт Пиер Ноелл кошумчалагандай, газ кууру жөнүндө сөз кылгандан мурда Европанын газ компаниялары Түркмөнстан, балким Иран менен да газ келишимдери боюнча сүйлөшүү жүргүзгүдөй саясий жана институционалдык шарт түзүлүүсү абзел.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG