Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Бийлик оппозициянын кабарын күтүп жатат


Бийликке бир дагы оппозициялык кыймылдан же партиядан Кыргызстандын өнүгүү концепциясын сунуштаган расмий билдирүү түшө элек. Расмий түрдө сунушталган концепцияда өлкөнү өнүктүрүп кете ала турган багыттар болсо бийлик аларды сөзсүз пайдаланат. Мындай маалыматты “Азаттыкка” президенттик администрация жетекчисинин орун басары Досалы Эсеналиев Социал-демократтар партиясынын өнүгүү концепциясын сунушташына байланыштуу билдирди. Анын айтымында, президенттик администрациянын кызматкерлери сунушталып жаткан концепция, программалар тууралуу басма сөздөн эле катардагы жаран катары маалымат алышкандыктан аларда иштиктүү кандай багыттар бар экендигинен да кабарсыз. Андан тышкары Кыргызстандын 2011-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы бар жана азыр 2020-жылга чейинки өнүгүү долбоору даярдалып жаткандыктан ашкере сунуштарга муктаждык жок. Ал эми өз сунушун бийликке берген “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын лидери Амангелди Муралиев бийлик оппозиция сунуштап жаткан бардык программаларды иликтеп, жарамдууларын алууга милдеттүү, бирок андай аракет азыр байкалбайт деп билдирди.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG