Эл аралык Human Rights Watch уюму Түштүк Осетияда куралдуу топтор грузиндерге кол салып, кодулап-кордоп жатышканын кабарлады. Укук коргоочулар мындай иштерге кайдыгер караганы үчүн орус аскерлерин айыпташты. Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун өкүлдөрү өткөн аптада Түштүк Осетияда болуп, айрым райондордо куралдуу топтор грузиндерге бир нече ирет кол салышканын, бир адам набыт болгонун аныкташкан. Укук коргоочулар грузиндер жашаган айыл-кыштактар ушу кезге чейин таланып-тонолуп жатканын байкашкан.