Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Бишкектин тегерегиндеги конуштарда да электр кубаты өчүрүлүүдө


Ага ордо калаанын тегерегиндеги жеке секторлордун көп кабаттуу үйлөргө караганда электр кубаттуулугун көп колдонуусу себеп болууда. Андыктан ал жерлерде түнкү саат 24төн эртең мененки саат алтыга чейин электр жарыгы өчүрүлүүдө. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, ноябрь айынын жыйырма күн аралыгында Бишкектин бардык райондорунда электр кубаттуулугун пайдалануу ченемден ашкан. Октябрь району боюнча ченемдин көтөрүлүшү 20%, Биринчи май району боюнча 17,6%, Ленин районунда 22,4%, Свердлов району боюнча 18 пайызды түзгөн. Ченемден ашкан аймактарда электр кубатын өчүрүүлөрдүн убактысын өкмөттүк штабда күзгү-кышкы мезгилди өткөрүү боюнча жумушчу топ кабыл алып, чечим чыгарат. (AJ)

XS
SM
MD
LG