Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

“Белгисиз багыт” мактоого татыды


Өткөн аптада өткөн Өзбекстандын Улуттук кинофестивалында кинорежиссер Темир Бирназаровдун “Белгисиз багыт” кинотасмасы конкурстан тышкары көрсөтүлүп, көркөмдүк деңгээлинин мыктылыгы жана жогорку чеберчиликте тартылганы белгиленди. Бул тууралуу Кино үйүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, кинофестивалда КМШга мүчө мамлекеттердин кийинки эки жылда тартылган мыкты кинотасмалары көрсөтүлүп, “Белгисиз багыт” кинотасмасынын мамлекеттин каражатына тартылышы Кыргызстанда демократиянын бар экендигинен кабар берээри белгиленген. Анткени аталган кинотасманын мазмуунун саясий өңүттө, траги фарс катарында кабыл алууга болору айтылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG