Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Митингди Ала-Тоо аянтында өткөрүүгө мыйзам жол бербейт


Бул тууралуу парламенттеги Кыргызстан коммунисттери фракциясынын депутаты Искак Масалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эгерде митинг мыйзамда көрсөтүлгөн жерлерде өткөрүлбөсө жергиликтүү бийлик аларды сотко берүүгө укугу бар. Ал эми өз алдынча митингке чыккандарды тартип коргоо кызматы көзөмөлгө алууга милдеттүү. Кыргызстан Элдик революциялык кыймылы жалпы элдик нааразылык акциясын үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында Бишкектеги Ала-Тоо борбордук аянтында саат 12-00дөн 18-00гө чейин өткөрө тургандыгы тууралуу билдирүүнү шаар башчылыгына жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жолдогон эле. (AJ)

XS
SM
MD
LG