Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Кремль элдик толкундоолордон чочулайт


Рублдин бир кездеги куну качып, дүйнөлүк финансылык кризис орустарды үнөмдөөгө мажбур кылды. Кремль улуттук акчаны куткарып калуу үчүн чет өлкөлүк валюта резервдерин жумшоодо. Бийлик социалдык нааразылыктан улам толкундоолор чыгып кетсе, аны тыюу боюнча милицияга атайын көрсөтмө берди.

Орус баш калаасындагы бир катар курулуштар каражаттын жоктугунан токтоп калды. Газпром мамлекеттик ишканасы Санкт-Петербургда 2 миллиард долларга бааланган жаңы кеңсесин салуу долбоорунан баш тартты. Катардагы жарандар жакындан бери кризисти жон териси менен сезе башташты. Бир катар байкоочулар болсо социалдык толкундоолор чыгып кетиши ыктымал деп эскертишүүдө.

-Элдин калың катмары кризисти жаңы эле сезе баштады. Акыркы 4 жуманын ичинде финансылык кризистин кесепети өлкөнүн экономикасына да жайылып жатканына күбө болдук. Маянасы өз убагында төлөнбөгөн, жумуш акылары кыскартылган же жумушун жоготкон адамдардын саны эки эсеге көбөйдү. Өткөн аптада бул проблемага Россиядагы ар бир бешинчи үй-бүлө туш болду, - дейт элдин пикирин сурап билүү боюнча көз карандысыз “Левада” борборунун адиси Марина Красильникова.

Октябрь айында өлкөнүн экономикалык өсүшү 0,6 процентти гана түздү. “Камаз”, “ГАЗ” өңдүү ири машина чыгаруучулардын продукциясына болгон талап өткөн айда былтыркыга салыштырмалуу 30 процентке ылдыйлаган. Эки компания тең жумушчулардын санын кыскартуу жөнүндө жарыялады.

Кремль экономиканы куткаруу долбооруна 180 миллиард доллар сартпай турган болду. Өлкөнүн чет өлкөлүк валюталык резерви 450 миллиард долларды түзгөнү менен, ал запас ыкчам азайууда.

Бийликтер экономикалык кризис социалдык баш-аламандыкка жем ташташы мүмкүн экенинен жакшы кабардар. Президент Дмитрий Медведев мыйзам коргоо органдарына толкундоолорду басууга, финансылык каатчылыктын “кесепеттерин өз кызыкчылыгында пайдаланууга” аракеттенген адамдарга каршы чара көрүүгө көрсөтмө берди.

Экономиканын гүлдөп өсүшү 10 жылдан бери Кремлге саясий стабилдүүлүктү камсыздоого шарт түзгөн эле. Бирок 1998-жылкы кризис бир эле түндүн ичинде тапкан жыйнаганынан кол жууп калган элдин эсинен кете элек. Айрым аналиктер бул жолу толкундоолор 10 жыл мурункудан күчтүү болушу мүмкүн деп эскертишет. Андай пикирге Карнеги борборунун саясий талдоочусу Николай Петров да кошулат:

-Кээ бир ишканаларда бир эле үй-бүлөөдөн бир нече киши иштейт. Ал компания жабылса, банкрот болуп калса же кызматкерлерин кыскарта баштаса, бүтүндөй шаарчалар киреше булагысыз, атүгүл инфраструктарасыз калышат. Ишканалар кээ бир учурларда жумуш менен эле эмес, электрэнергия, жылытуу системасы менен да камсыз кылышат.

Арийне, оппозиция алсыз болгондуктан, финансылык кризис Кремлге чоң коркунуч туудурат деп айтуу кыйын. Бирок бийликтин популярдуулугу кыйла төмөндөй түшөөрүндө калет жок, - деп эсептейт Красильникова.

Антикризистик чаралардын алкагында, айрым кабарларга караганда, бийлик журналисттерди элди козутпоого чакырды. Бирок кремлчил гезиттер деле пессимисттик маанайын жашыра алышкан жок.






XS
SM
MD
LG