Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

Руслан Шабатоевди көргөн күбөнүн берген маалыматы такталууда


Дайынсыз жоголгон парламент депутаты Руслан Шабатоевди Бишкектен көрдүм деген күбөнүн көрсөтмөсү боюнча так маалымат эки сааттан кийин дайын болот. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 26-ноябрда Байланыш агенттигинин директору Кубат Кыдыралиевдин айдоочусу Нурлан Жумашев “Мерседесс-600” үлгүсүндөгү автунааны Руслан Шаботоев жалгыз өзү айдап баратканын көргөнүн айткан.

-Руслан Шабатоевди көрдүм. Өзү жалгыз келатыптыр. 90 пайызга толук ишенемин. “Мерседесстин” алдыңкы терезелеринде караңгылаткан чаптагычтар жок экен. Анык көрдүм. Бирок автоунаанын мамлекеттик номурун так көрө албай калдым, дейт. Кайчы өтсө керек,-деди Бакыт Сейитов.

Ал ошондой эле Жумашевдин айтканы боюнча окшош “Мерседесс-600” үлгүсүндөгү автунаалардын бардыгы текшерилип жатканын, так маалымат эки сааттан кийин анык болорун кошумчалады. . (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG