Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Мумбайдагы калабаны ким уюштурду?


Мумбай(мурдакы Бомбей) шаарында согушчандар менен полиция күчтөрүнүн тирешүүсү дале уланууда. Индиянын финансылык жана туристтик борборунда удаа-удаа жасалган бир нече чабуулдан 101 адам окко учкан.

Мумбайдын «Обреои Трайдент» мейманканасында Индиянын коопсуздук күчтөрү менен согушчандардын аткылашуусу уланууда. Жергиликтүү полициянын маалымдашынча, 105 жыл мурда курулган «Тажы Махал» мейманканасында согушчандар барымтада кармаган адамдар бошотулду. Бирок дале өз бөлмөлөрүндө камалып жаткан коноктор бар.

Маалыматтарга караганда, шаршемби күнү кечинде Мумбайга кайык менен келген согушчандар эки адеми мейманкана, четэлдиктер сүйгөн «Леопольд» кафеси, борбордук темир жол бекети, шаардык оорукана болуп, жети жайга кол салышкан. Бул чабуулдарда 100дөн ашуун адам, ошондой эле полициянын 11 кызматкери өлүп, 300 чамалуу адам жарадар болгон. Бийликтердин билдиришинче, 4 согушчан жок кылынып, дагы тогузу туткунга алынган.

Өлгөндөрдүн арасында бир япониялык, бир австриялык бар экенин Ройтерс агенттиги ырасмий булактарга шилтеп маалымдады. Күбөлөрдүн айтышынча, согушчандар конкоктордун арасынан Британ жана АКШлык жарандарды издешкен. Согушчандар хиндуча же урдуча сүйлөшкөн индус түспөлдүү 20-25 жаш курагындагы жигиттер болгонун күбөлөр айтышууда.

Кол салуулар үчүн жоопкерчиликти «Деккан можахеддери» деген топ маалымат каражаттарына жиберген кабарында билдирди.

Жаңы Делидеги Тынчтыкты жана согушту изилдөө институтунун эксперти Сандип Хадваждын «Азаттыкка» айтышынча, согушчандардын четэлдиктерге кол салуусунун башкы максаты өздөрүн эларалык коомчулукка таанытуу болду:

Согушчандардын эларалык коомчулукка өздөрүн таанытууну көздөгөнү анык. Түштүк Азия азыр дүйнөдө террорчулар өтө көп дүрбөлөң салган регион болсо да, эларалык басма сөз Индиядагы терроризм жөнүндө башка жактарга караганда аз маани берет. Ошон үчүн алардын эларалык маалымат булактарында чыгып калууну көздөгөнү калетсиз.

Согушчандар Мумбайда уюштурган кызыл кыргын бийликтеги Улуттук Конгресс партиясына нааразылардын санын дагы көбөйтөт деп боолгошот серепчилер. Партия ансыз да өлкөнүн шаарларында болуп жаткан бомба чабуулдарын токтото албайт деп сындалып жаткан. Бул 2009-жылдын башында болчу жалпы элдик шайлоодо Улуттук Конгресс партиясын кыйын абалга койушу мүмкүн.

Мумайдагы калаба индустар менен мусулмандар арасында араздашууларды күчөтүшү ыктымал деген да кооптонуу бар.

Чабуулду АКШ, Россия жана башка өлкөлөрдүн лидерлери, аынын ичинде АКШнын президенти шайланган Барак Обама айыптады. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Игорь Чудинов да индиялык коллегасы Манмохан Сингха телеграмма жиберип, көптөгөн адамдарын өмүрүнө чабуулду айыптады жана жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө көңүл айтты.

XS
SM
MD
LG