Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында жумушсуздук эң олуттуу проблемалардын бири. Ишке жарамдуу майыптардын аз гана пайызынын жумушу бар. Ал эми ишкерчилик менен алектенгендер чанда гана кезигет

26 жаштагы Сапар ишкерчилик менен алектенет. Ал Бишкектеги камчы, ээр токум, ар кыл сувенирлерди жасоочу цехтин ээси. Бул жайды ал эки жыл мурда насыя алып ачкан эле. Алгач кыйналып жүрүп, кийинчерээк бизнес кылуунун сырларын кадыресе үйрөнүп калды. Бирок мындай ийгиликке жетүү Сапар үчүн оңой болгон жок. Анткени ал майыптардын катарына кирет. Буту жакшы баспай, балдак менен жүрсө да өзүн мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп санабайт, бул темада сүйлөшкөндү да жаман көрөт. Бирок өз бизнеси тууралуу айтып берүүдөн тажабайт:

-Менин ишканамда он адам иштейт. Алар кыргыздын улуттук буюм-тайымдарын жасашат. Продукцияны чет элдиктерге сатабыз. Демөөрчүлөрдү издеп, бирок таба алган жокпуз. Эмнеси болсо да башкалардан кем калбай иштеп жатам, кудайга шүгүр, бутка туруп калдык.

Кийинки биздин каарман Ниязбек Касымовдун эки көзү азиз. Бирок буга карабай чакан завод ачып, ийгиликтүү ишкерлердин катарына кошулган. Учурда анын кол астында жыйырмадан ашык адам иштейт. Майыптар үчүн иш табуу канчалык оор экенин билген Ниязбек мырза, өзүнө тагдырлаш бир топ адамды жумушка алган. Анын айтымында, ишкерчилик кылган майыптарга мамлекет тарабынан чеке жылытаарлык жардам деле каралган эмес:

-Майыптарга жеңилдиктер жокко эсе. Биз ден-соолугу чың адамдар сыяктуу эле салык төлөп, ай сайын отчетторду берип турабыз. Бира гана социалдык төлөмдөргө келгенде аз-маз жеңилдиктер бар, болгону ошол.

Дегени менен “Салык боюнча кеңешчилер палатасы” уюмунун жетекчиси Татьяна Кимдин айтымында, жаңы Салык кодексинде бизнесмен майыптарга жеңилдиктер каралган:

-Майып бизнесмендин кол астында иштегендердин элүү пайызы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар болсо, анда ага айрым жеңилдиктер болот. Мисалы ал ишкер кошумча нарк салыгы, турак-жай үчүн салыктан бошотулат. Бул үчүн албетте тиешелүү иш-аракеттерди жасаш керек. Жөн эле отура берсең жеңилдиктер кайдан? Атайын майыптар коому аркылуу каттоодон өтүп, салык органдарына тиешелүү документтерди көргөзүү зарыл.

Дегени менен майып эмес, дени-карды соо адамга ишкерчилик кылуу оор болуп турган кезде ишкер майыптарды табуу өтө кыйын. Өлкө боюнча майыптардын 11 өндүрүштүк ишканасы бар. Аларда жашы 18 ден ашкан 94 миң майыптын жети жүзү гана эмгектенет. Ишке жарамдуу майыптардын көбү ары-бери чуркап, ишкерчилик кылууга чама-чаркы жетпейт, андыктан аларга өзгөчө камкордук зарыл, дейт “Мүмкүнчүлүгү чектелеген жаштар” уюмунун жетекчиси Мирбек Асангариев. Андыктан аталган уюм мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын бизнес долбоорлорду ишке киргизген:

-Биз “Евразия” уюмунун жардамы менен мүмкүнчүлүгү чектелген кыздарга кийим тигүүнү үйрөттүк. Алар жакында ачылган цехте иштеп атышат. Эмерек жасоо жана жыгач менен иштөө боюнча жигиттер үчүн дагы атайын долбоор ишке кирди.

XS
SM
MD
LG