Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:14

АКШда бүгүн улуттук майрам – Алкоо күнү


"Thanksgiving" же Алкоо күнү салт боюнча ноябрь айынын төртүнчү бейшембисинде белгиленет. Майрамдын келип чыгышы Жаратканга алкыш билдирүү менен байланыштуу. Бул багыттагы туңуч фестивалды ал кезде Кошмо Штаттарга сырттан келген жаңы тургундар бир жылга созулган түйшүктүү эмгектен кийин мол түшүм жыйналганынын урматына Кудайга ыраазычылык билдирүү үчүн 1621 – жылы өткөрүшкөн экен. Алкоо күнү расмий майрам катары1863-жылы жарыяланган. Салт боюнча майрамдык дасторгонго күрптүн эти жана ашкабактан жасалган торт коюлат. Бул күнү АКШнын шаарларында майрамдык жүрүштөр да уюштурулат.

XS
SM
MD
LG