Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Ноокатта Айт күнү тополоң салды деп айыпталгандарга сот өкүмүн угузду


Ноокат райондук соту бүгүн кечинде чыгарган өкүмү боюнча Орозо айт күнү тополоң уюштурду деп айыпталган 32 адамдын га алды 9 жылдык арты 20 жылдык түрмө жазасына кесилди. Жаза алгандардын арасында 2 аял жана жашы 18ге жете элек бир өспүрүм бар. Сот мындай жазаны Кылмыш-жаза кодексинин 8 беренесине негиздеп берди. Айыпталуучулар сот өтө катуу жаза берди жана “Хизб-ут Тахрир” диний экстремисттик партиясынын мүчөсү катары массалык башаламандыкты уюштурган, конституциялык түзүлүшкө коркунуч туудурган, жаш өспүрүмдөрдү кылмыш жасоого аралаштырган, мамлекеттик мүлктү талкалаган жана бийлик өкүлдөрүнө кол салган деген фактылар соттун жүрүшүндө далилденген жок дешип, жогорку инстанциядагы сотко арызданышаарын билдиришти. (BD)

XS
SM
MD
LG