Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Бийлик менен оппозиция бири-биринен сунуш күтүп жатат


Өкмөт башчы Игорь Чудинов “Мен ушул жылы оппозициядан экономиканын конкреттүү тармактарын өнүктүрүү боюнча сунуштарды күткөм жана аны өзүлөрү менен бирге отуруп талкуулоого даяр болчумун. Бирок, алар өз программаларын сунуш кыла алышкан жок” деп кечээ “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда билдирди. Ал эми “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев өкмөт башчынын мындай пикири орунсуз, себеби оппозиция өкмөткө программа түзүп берүүгө милдеттүү эмес. Ал өкмөттүн ишин сын көз менен карап, өз программасын сунуш гана кылат. Маселен, андай сунуштар Коомдук парламенттин февралдагы жыйынындагы экономикалык жалпы өнүгүү багыттары боюнча докладда, майдагы жыйынында орто бизнести өнүктүрүү жана Салык кодексин өзгөртүү, “Акыйкат үчүн” кыймылынын апрелдеги курултайында айыл чарбасын жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштар айтылган дейт Темир Сариев.(BD)

XS
SM
MD
LG